МААС: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
30 октябрь 2026, саат 08:48 учурдагы нуска
МААС, М ё з (фламандча Мааз, фр. Меизе; жалпы европалык уңгусу шиа - ным, зак) - Франция, Бельгия жана Нидерланддагы дарыя. Узундугу 925 км, алабынын аянты 36 миң кл«2. Арденна тоолорунан башталып, Ортонку Европа түздүгү аркылуу агат да, Рейндин дельтасынын түштүк салаасына куят. Суусунун деңгээли төмөнкү агымында кыйла аралыкта чектеш жаткан түздүктөрдөн жогору болгондуктан, М-тын нугуна дамба (тосмо) курулган. Негизинен жамгыр, ошондой эле кар сууларынан куралат; суу кышында жана жазында кирет; деңгээли 5-8 лгге чейин көтөрүлөт. Орт. чыгымы 300-400 м?/сек, эң көбү 3 миң ж3/сек:га чейин. Жогорку агымына чейин кеме жүрөт. Каналдар аркылуу Шельда, Сена, Рейн ж. б. дарыялар менен туташат. Боюнда Верден (Франция), Намюр, Льеж (Бельгия), Маастрихт (Нидерланд) ш. бар.