МААНАЕВ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
30 октябрь 2026, саат 08:48 учурдагы нуска
МААНАЕВ Эгемберди Жумагулович (15. 5. 1933-жылы туулган, Ысык-Көл обл., Жети-Өгүз району, Даркан айылы) - тарыхчы, тарых илимдеринин доктору (1976), проф. (1983). КРдин билим берүүгө эмг. сиң. кызматкери (1994). Пржевальск мугалимдер институтун (1952), КМУну (1959) бүткөн. 1952-54-ж. комсомолдун Тянь-Шань обкомунда лекторлор тобунун башчысы, 1963-65-ж. Кыргыз ССР ИАда кенже илимий кызматкер, 1965- 67-ж. Кыргызстан КП БКнын лектору, 1967-81-ж. Кыргызстан КП БКнын алдындагы Партия тарыхы институтунда улук илимий кызматкер, 1981-92-ж. И. Арабаев атындагы КМПУда (мурдагы В. В. Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институту) проректор, 1992-99-ж. кафедра башчысы, 1999- 2009-жылы Коомдук илимдер департаментинин, 2009-жылдан Коом таануу адистерин даярдоо борборунун, Коом жана чыгыш таануу, Тарых жана социалдык-укук таануу институттарынын директору. Россия эл аралык академиясынын академиги, И. Арабаев атындагы сыйл. лауреаты. Эмгектери негизинен кыргыздын революцияга чейинки тарыхына, кыргыз интеллигенциясынын коомдогу ролуна ж. б. тармактарга арналган. 170тен ашык илимий эмгектин (анын ичинде 10 монография) автору. 3-даражадагы Манас ордени менен сыйланган. КМПУнун Тарых жана социалдык укук таануу институтуна ысмы берилген.
Эмг.: Каратаев О. К., Маанаев Э. Ж. Кыргыз элинин этникалык өнүгүүсү. Б., 2003; Маанаев Э. Ж. Памир кыргыздары (Тарыхый-этнографиялык очерк). Б., 2010.