ЛЮТЕР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

30 октябрь 2026, саат 08:48 учурдагы нуска

ЛЮТЕР Мартин (10. 11. 1483, Германия, Мано­фельд графтыгы, Айслебен - 18. 2. 1546, ошол эле жер) - Германиядагы Реформациянын иш­мери, немис протестантизмин (лютерандык)

не­гиздөөчү. Эрфурт университетин бүтүрүп (1505), эркин иск­во магистри наа­мын алган. Вит­тенберг университетинде философия жана дин таануу доктор­лугуна жеткен (1512). Католик чиркөөсүн жана анын догмаларын реформалоо зарыл экенине көзү же­тип, 1517-жылы 31-ок­тябрда 95 тезис менен индульгенция­га каршы

чыгып, Германияда реформацияны баштаган. Л. христиандарга Библия жетиштүү, ошондуктан Кудайга сыйынуу ж. б. ырым-жы­рымдарды жасоо артык баш деп далилдеген. Л. чехиялык реформатор Ян Густун окуусун туура деп тапкандыктан, 1520-жылы Рим папасы аны еретик деп жарыялаган. Бирок Л. папа­нын чечимине баш ийбей, Виттенберг университетинде студенттердин көзүнчө папанын грамотасын өрттөп жиберген. 1521-жылы Л-ге каршы король Карл V Вормдо анын мындай көз карашы үчүн өлүм жазасына буюрган. Бирок Саксониянын курфюрсту Фридрих Л-ди өзүнүн Вартбург за­могуна жашырып калган. Т. Мюнцердин жаңы (элдик) талдоосун көргөн Л. мурдагы радикал­дык позициясынан тайып, элди бийликке баш ийдирүүгө чакырган. Л-дин жолун жолдоочулар лютерандар, ал эми анын окуусу лютерандык деп аталыпгалар негизинен Германия, Австрия жана түндүк Европа мамлекеттеринде тараган. Анын окуусун улантуучулар Кыргызстанда да кезигет. Не­мис тарыхында Л. маданият ишмери, агартуу, тил, музыка ж. б. жагынан реформатор катары да белгилүү. Ал Библияны немис тилине которуп (1522-42), жалпы немис адабий тилинин нор­масын түзгөн.

Ад.: Гобри И. Лютер. М., 2000; Порозовская Б. Д. М. Лютер, его жизнь и реформаторская деятельность. СПб., 2000.