ЛЮБЛИН: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
30 октябрь 2026, саат 08:48 учурдагы нуска
ЛЮБЛИН - Полыпанын чыгышындагы шаар. Быстшица д-нын боюнда жайгашкан. Люблин воеводдугунун (администрациялык-аймактык бирдик) администрациялык борбору. Калкы 349,3 миң (2010). Жолдор тоому. Өлкөнүн чыгышындагы экономикалык жана маданий борбор. Машина куруу (анын ичинде автомобиль), тамак-аш-татымал, булгаары-бут кийим, тигүү ө. ж. ишканалары иштейт. 10-к-дан белгилүү. Университет, музей бар. Архитектуралык эстеликтери шаардын эски бөлүгүндө жайгашкан. Сепил (учурда музей; 13- 19-к.), ратуша (14-18-к.), готика, ренессанс, барокко стилиндеги турак жайлар менен костёлдор (14-18-к.) сакталган. Л-ге жакын Майданек мамлекеттик музейи (1941-44-ж. фашисттик концлагер болгон; 1,5 млнго жакын адам жок кылынган) жайгашкан.