ЛУСОН: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
30 октябрь 2026, саат 08:48 учурдагы нуска
ЛУСОН - Филиппин архипелагынын эң чоң аралы. Аянты 105,6 миң кмг. Жээктери батышында жана түштүгүндө булуң-буйткалуу. Рельефине тоолордун, тоо аралык жана жээк түздүктөрүнүн татаал айкалышы мүнөздүү. Бийиктиги 2934 лгге жеткен (Пулог чокусу) тоолор басымдуу. Аракеттеги жанартоолору (Майон ж. б.) бар. Климаты субэкватордук муссондук; тез-тез тайфун болуп турат. Айлык орт. температурасы түндүгүндөгү түздүктөрдө 23-25°С, туштүгүндө 27-29°С. Жылдык жаан-чачындын өлчөмү 2000-3000 мм. Дайыма жашыл жана жалбырагы күбүлмө тропик токою, өрөөндөрүндө саванна өсүмдүктөрү өсөт. Жээк ойдундарында жана тоо аралык өрөөндөрүндө эл жыш отурукташкан. Шалы, кокос пальмасы, тамеки, жүгөрү, абака өстүрүлөт. Алтын, хромит, жез жана темир кенташтары бар. Л-до Филиппиндин борбору - Манила ш. орун алган.