ЛУНАЧАРСКИЙ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

30 октябрь 2026, саат 08:48 учурдагы нуска

ЛУНАЧАРСКИЙ Анатолий Васильевич [11(23). 11. 1875, Полтава - 26. 12. 1933, Франция, Мен­тона] - орус жазуучусу, сынчы, советтик мамлекеттик жана партиялык ишмер, СССР ИАнын академиги (1930).

Болыпевиктик « Вперёд », «Пролетарий» гезиттеринин редакциясына мүчө. В. И. Ле­ниндин жетекчилиги астын­да активдүү партиялык иш жүр­гүзгөн. 1908-10-ж. кудай тү-

зүүчүлүктү үгүттөгөн. Ок­тябрь революциясынын каты­шуучусу (Петроград). 1917- жылдан агартуу эл комис­сары. 1929-жылдан СССР БАКтын алдындагы оку­муштуулар комитетинин председатели, 1933-жылы Ис­панияда ыйгарым укуктуу өкүл. Советтик билим берүү системасын уюштуруучулардан. В. И.

Ле­ниндин адабият жөнүндөгү осуяттарын системалаштыр­ган («Ленин жана адабият таануу», 1932) жана советтик искусствонун жаңы методун негиздеген. Л. - «Королдук чач тарач» (1906), «Фауст жана шаар» (1918), «Оливер Кромвель» (1920), «Мунапысбол­гон Дон Кихот» (1922) ж. б. пьесалардын, ошондой эле адабий-сын китептердин автору. Чыгармалары­на философиялык ойдун курчтугу, тарыхый жалпылоо мүнөздүү.,