ЛУКИАН: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
30 октябрь 2026, саат 08:48 учурдагы нуска
ЛУКИАН (120-ж. чен, Сирия, Самосата ш. - 180-жылдан кийин, Египет) - байыркы грек жазуучу-сатириги. 165-180-ж. ченде Афиныда мыкты чыгармаларын жараткан. Туңгуч чыгармалары экинчи софистика багытында. Л. сатиралык диалог жанрында жатык, куйкум тил менен мифол. сюжеттерди пародиялайт; кейипкерлеринин сөздөрү азилге, ылакапка бай. Такшалган кезинде киниктердин демокр. философиясынын идеялары менен стоиктердин идеяларына таасирленет («Менипп», «Той», «Кудайлар маеги», «Өлүктөр падышалыгындагы маектер»). Философиялык көз карашынын эволюциясы Л-ды Эпикурдун материализмине жакындаткан. Л-дын чыгармачылыгы византиялык сатирачыларга, кийинчерээк Кайра жаралуу (Эразм Роттердамский, У. Гуттен, Ф. Рабле) жана Агартуу доорлорунун (Вольтер, Ж. Свифт) сатиралык адабиятына таасир тийгизген.