ЛУКАШЕНКО: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

30 октябрь 2026, саат 08:48 учурдагы нуска

ЛУКАШЕНКО Александр Григорьевич (30. 8. 1954-жылы туулган, Беларуссия, Витебск обл., Оршанск району, Копысь шаарчасы) - мамлекеттик жана саясий иш­мер, Беларусь Респ-нын президенти (1994-жыл­дан), өлкөнүн Куралдуу күч­төрүнүн башкы командачы­сы, Беларусь Респ-нын Кооп­суздук кеңешинин төрагасы.

Атап Айтканда Кулешов атындагы Могилёв педагогикалык институтун (1975), Беларус­сия а. ч. академиясын (1985) бүтүргөн. 1977-94-ж. советтик жана партиялык жооптуу кызматтарда иштеген. Беларуссия Жогор­ку кеңешинин эл депутаты

(1990-жылдан). Л-нын демилгеси менен Беларус­сия Коллективдүү коопсуздук жөнүндөгү келишим уюмуна мүчө (дек., 1993). Л. Беларусь, Россия жана Казакстан өлкөлөрүнүн ортосундагы бажы уюму жөнүндөгү (январь, 1995) макулдашууга, Бе­ларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Россия мамле­кеттеринин ортосундагы экономикалык жана гуманитар­дык чөйрөдөгү интеграцияны тереңдетүү жөнүндөгү келишимге (29. 3. 1996), Беларуссия, Россия, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан мамлекет­теринин ортосунда Евразия экономикалык коомчулугун түзүү жөнүндөгү келишимге (10. 10. 2000) кол коюу­га катышкан. 2009-жылы Беларуссия ЕСтин «Чы­гыш өнөктөштүгү» программасына кирген.