ЛОЯН: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

30 октябрь 2026, саат 08:48 учурдагы нуска

ЛОЯН - Кытаидын байыркы борбору. Лохе д-нын боюнда жайгашкан. Калкы 1,4 миллион (агломера­циясы менен 1,6 миллион; 2010). Шаар биздин заманга чейинки 1108-жылы негизделип, алгач Лои деп аталган. Бир нече жүздөгөн жылдар кытай династияларынын - биздин заманга чейинки 770-жылдан биздин замандын 516-ж. чейин Чжоу (Ван­чэн), биздин замандын 25-жылынан 220-ж. чейин Соңку Хань, 265-317-ж. чейин Батыш Цзинь, 386- 534-ж. Түндүк Вэйдин борбору болгон. Бийликте

Бамайсы монастыры.
Shape 868

7-10-к-да Тан династиясынын өкүлдөрү болуп, императордун ак сарайы Л-га көчүрүлгөн. 13- к-да борбор Пекинге которулуп, Л. уездцик шаар болгон. Шаардын экономикасы 1949-жылдан кийин тездик менен өнүгө баштаган. Металл иш­тетүү, машина куруу, кебез-кездеме, тамак-аш, жыгаччылык ө. ж. ишканалары өнүккөн. Университет (эң байыркы), китепкана ж. б. бар. Баймасы будда храмы (биздин замандын 68-ж. негизделген, Кытайда­гы будда храмдарынын алгачкыларынан), Лун­мынь үңкүр храмы (ЮОдөн ашык үңкүрдөн ту­рат) сакталган. Шаарга жакын Гуян (495-575), Биньян (500-523), Фынсянь (627-75) ири үңкүрлөр (ар биринде скульптуралар бар; би­йикт. 15 м болгон эң чоң Вайрочан будда статуя­сы) жайгашкан. Л-да жана анын айланасында бир нече жолу археол. казуулар болуп, байыр­кы тургун-жайлардын калдыктары, көптөгөн таш табыттар табылган. Алардын негизинде 1958-жылы Л-га жакын Гуанлинь кыш-нда (мур­дагы Гуань Юн храмында) музей уюштурулуп, баалуу экспонаттар

Лоян музейи.

коюлган.