ЛОГИСТИКА: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
30 октябрь 2026, саат 08:48 учурдагы нуска
ЛОГИСТИКА - керектөөчүлөрдүн талаптарын оптималдуу түрдө канааттандыруу үчүн өлкө ичинде жана тыштан келген материал, товар, финансы, маалымат ж. б-ды агымдарын көзөмөлдөөчү, уюштуруучу жана пландаштыруучу башкаруу иш-чаралары. Ал өзүнө адаттагы маселелерден (камсыз кылуу, транспорт операциялары) тышкары өндүрүштөгү запас менен материал агымдарын башкарууну, ошондой эле жайылтуу жерлерде товарды сактоо жайына жайгаштырууну, туристтик жана мейманканалык бизнестеги сервисти ж. б. жагдайларды камтыйт. Анын стратегиясына жеткизүү жана сатып алуу пландарын түзүү; өндүрүш ичиндеги агымдардын майнаптуулугун камсыз кылуу; жаңы товар жана таңгак түрлөрүн түзүү ж. б. кирет. Азыркы учурда Л-нын сервисти ж. б. иш-чараларды жогорку деңгээлде уюштуруучу жаңы түрү өнүгүүдө. Ошондой эле рынок мамилелеринин ааламдашуу шарттарында Л-нын жаңы «Маке ог Ьиу» («Жаса же сатып ал»), «-Тиз! ш Ише» («Өз убагында»), ЗРЬ-провайдер (ТЫгФ Раг1у Ьо^гзИсв - үчүнчү жактын Л-сы) системалары да калыптанууда.