ЛОГИКАЛЫК АЛГЕБРА: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
30 октябрь 2026, саат 08:48 учурдагы нуска
ЛОГИКАЛЫК АЛГЕБРА — математикалык логиканын айтымдар (айтылыштар) менен болгон логикалык амалдарды изилдөөчү бөлүмү. Айтымдар - маанисинин чындыгын же жалгандыгын аныктоону талап кылган сүйлөмдөр. Мисалы, «жылкы - жаныбар» - айтымынын мааниси чындык, ал эми «үч бурчтуктун бардык бурчтары тик бурч» - айтымы жалган ж. б. Л. а. логикалык
маселелерди алгебра методдорун колдонуп чыгаруунун негизинде пайда болгон. Л. а-нын өнүгүшүнө көптүктөр теориясы жана көптүктөр алгебрасы чоң таасирин тийгизген. Л. а-нын негизги предмети айтымдар жана алар менен болгон амалдар. Сөз арасында колдонулуучу «жана», «же», «эгерде...», «анда...», «тең күчтө», «андай эмес» - деген сөз байланыштарынын жардамы менен жекече (жөнөкөй) айтымдардан татаалыраак жаңы айтымдарды түзүүгө болот. Мисалы, «х<1» жана «х<5» жекече айтымдардан: «х>1» жана «х<5», «х<1» же «х<5», эгерде «х<5» болсо, анда «х>1» болушу мүмкүн» ж. б. Айтымдын логикалык маанисинин чындыгын белгилөө үчүн 1, жалгандыгын белгилөө үчүн 0 сандары, ал эми сөз байланыштары үчүн «жана» - & (коньюнкция), «же» - V (дизьюнкция), «эгерде.., анда...» —> (импликация), «тең күчтө» - (эквиваленттүүлүк) белгилери, «андай эмес» башкача айтканда тануу үчүн үстүнө сызыкча коюу ( 1 =0,1>5) белгиси колдонулат. Ар бир формуланын аныкталуу облусу менен маанилеринин облусу 0 жана 1 сандарынын тобунан турган функция болуп, ал Л. а-нын функциясы деп аталат. Л. а. негизинен анын ыкмаларын пайдаланган маселелердин, анын ичинде орчундуу орундагы электр схемалары теориясынын маселелеринин таасиринде өнүгүүдө.
Ад.: Гиндикин С. Г. Алгебра логики в задачах., М., 1972; Новиков П. С. Элементы математической логики. М., 1973.