ЛОГИКА: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
30 октябрь 2026, саат 08:48 учурдагы нуска
ЛОГИКА (грекче 1о£О8 - сөз, ой, акыл) - ой жүгүртүүнүн формалары жана мыйзамдары жөнүндөгү илим. Ал үч бөлүктөн турат: диалектикалык Л., математикалык Л. жана формалдуу Л. Диалектикалык Л. - объективдүү дүйнөнүн өнүгүшү менен өзгөрүшүнүн ойдо чагылдырылышынын мыйзамдары жана формалары жөнүндөгү, чындыкты тааныпбилүүнүн мыйзам ченемдүүлүктөрү тууралуу илим. Анын негиздөөчүсү Аристотель болгон. Элементтери Гераклит, Платон ж. б. ойчулдардын эмгектеринде, ал эми таанып-билүүнүн, ой жүгүртүүнүн жалпы принциптери жана методдору катары Ф. Бекон, Декарт, Лейбниц ж. б. окууларында кездешет. Диалектикалык Л-ны өнүктүрүүгө Кант жана Гегель белгилүү салым кошушкан. Математикалык Л. - математикалык ыкмаларды колдонуу, ошондой эле математикалык талдоолорду жана далилдөөлөрдү Л-лык изилдөө жөнүндөгү билимдердин жыйындысы. Формалдуу Л. - ойдун формаларынын (ойдо талдоо, ой жыйынтыктоо, түшүнүү, далилдөө ж. б.) Л-лык түзүлүшүн үйрөтүүчү илим. Формалдуу Л-нын негизги максаты корутунду билимге ээ болуу процессинде сакталуучу мыйзамдарды жана принциптерди иштеп чыгуу болуп саналат.