ЛИЦЗЯН: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

30 октябрь 2026, саат 08:48 учурдагы нуска

ЛИЦЗЯН - Кытайдын түштүгүндөгү шаар. Юнь­нань провинциясында. Цзиныпацзян (Янцзы жог. агымында ушундайча аталат) д-нын ала­бында жайгашкан. Калкы 170,8 миң (2009; шаарга караган 4 уезд, анын ичинде 2 автомномиянын калкы менен бирге 1,2 миллион). Автомобиль жолу аркылуу Куньмин, т. ж. аркылуу Дали ш. менен байланышат. Аэропорту (шаардан 28 км) бар. Сун династиясы бийлик кылып турган мезгил­де пайда болгон. 1996-жылы февралда болгон жер

Шаардын жалпы көрүнүшү.

титирөөдө катуу жабыркап, тарыхый бөлүгүнөн башкасы кайрадан курулган. Шаардын эски бөлүгү (аянты 3,8 км2) Юйлуншань тоосунун этегинде 2400 м бийиктикте жайгашкан. Анда көптөгөн каналдар тармагы 354 көпүрөсү менен курулуп, көлмө жана кудуктар менен коштолот. Мин династиясы учурундагы курулуштар басым­дуу. Көчөлөрүнө кооз таштар төшөлгөн. Эски шаардын түндүк бөлүгү - соода борборунда 3

ярус­туу дарбазасы менен Сыфанцзе башкы аянты бар. Хейлунтань паркында Уфын пагодасы (1601), Шицзышань паркында 40 кипарис (жашы 800 жыл) сакталган. Шаардын эски бөлүгү Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген. Жеңил, тамак-аш ө. ж., курулуш материалдар өндүрүшү иштейт. Шаардын четинде жылкы асыроо, салт болуп калган кол өнөрчүлүк (кү­мүштөн, жезден зер буюмдар жасоо, терини өңдөп, ашатуу) өнүккөн. ИИИ, музей, Юйлун­шань тоосунда астрономиялык обсерватория (3193 м би­йиктикте; линзасынын диаметри 2,4 м; эң ири телескоп) бар. Ботаникалык бак (2680-4300 м бийик­тикте, аянты 279 га; 4 миңден ашык бийик тоолуу флоранын түрү кездешет) уюштурулган. Л-нын чеке-белинде көптөгөн археол. объекти­лер кездешет. Туризм өнүккөн.