ЛИХТЕНШТЕЙН: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
30 октябрь 2026, саат 08:48 учурдагы нуска
ЛИХТЕНШТЕЙН, Л ихте нштейн князд ы г ы - Ворб. Европадагы мамлекет. Альп тоолорунда, Швейцария менен Австриянын чек арасында жайгашкан (чек арасынын жалпы узундугу 76 км). Рейн д-н жээктей түндүктөн түштүктү карай 28 длгге созулат; Жазылыгы батыштан чыгышты карай 10 клгге чейин. Дүйнөдөгү эң чакан мамлекеттердин бири. Аянты 160 кмг. Калкы 35 миң (2010). Борбору - Вадуц. Расмий тили - немис тили. Акча бирдиги - швейцария франкы. Л. эки тарыхый облустан турат: Оберланд (Жогорку Л., борбору - Вадуц)

жана Унтерланд (Төмөнкү Л., борбору - Шелленберг). Администрациялык-аймактык жактан 11 коммунага бөлүнөт: Бальцерс, Эшен, Гамприн, Маурен, Планкен, Руггелль, Шан, Шелленберг, Тризен, Тризенберг, Вадуц.
Л. - БУУнун (1990), Европа советинин (1978), Европа коопсуздугу жана кызматташтыгы уюмунун (1975), Европа эркин соода ассоциациясынын (1991), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995) мүчөсү.
Мамлекеттик түзүлүшү. Л. - унитардык мамлекет. Конституциясы 1921-жылы кабыл алынган. 2003-жылы 16-мартта жаңы редакциясы иштелип чыгып, княздын бийлиги чындалган. Башкаруу формасы - конституциялык монархия. Мамлекет башчысы - башкаруучу князь. Ландтагдын (парламент) чечимдери княздын макулдугусуз кабыл алынбайт. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы - бир палаталуу ландтаг. 4 жылга шайланып, 25 депутаттан турат. Мыйзамдарды иштеп чыгат жана кабыл алат, бюджетти бекитет. Аткаруу бийлигинин жогорку органы - өкмөт. Л-де көп партиялуу саясий система орун алган. Негизги саясий партиялары: Мекен уюму, Прогрессивдүү жарандык партия, Эркин тизме ж. б.
Табияты. Л-дин аймагынын басымдуу бөлүгүн Альп тоолору ээлейт. Эң бийик жери 2599 м (Граушпиц чокусу - өлкөнүн эң бийик жери). Тоолору 3 ири өрөөн менен бөлүнгөн. Эң батыш четин Рейн д-нын жогорку агымынын өрөөнү ээлейт. Фён шамалынын таасиринен жумшарган мелүүн климат мүнөздүү. Рейн өрөөнүндө январдын орт. температурасы 0°С, июлдуку 18°С, тоолордо январдыкы -10°Стан -6°Ска чейин, июлдуку 12-14°С. Жаан-чачындын жылдык орт. өлчөмү - Рейн өрөөнүндө 700-800 мм, тоолордо 1200-1900 мм. Рейн өрөөнүн суу каптап кетпеш үчүн Рейн д-нын нугу айрым жерлеринде дам-
балар менен тосулган. Өрөөн дээрлик бүт кургатылып, дыйканчылык өздөштүрүлгөн. Ал эми табигый абалында калган саз жана шалбаа өсүмдүктүү жерлери коргоого алынган. Тоолордо 800-1800 м бийиктиктерди токой каптайт: төмөнкү алкагын - жазы жалбырактуу токой (эмен, бук ж. б.), жогорку алкагын - ийне жалбырактуу токой (негизинен карагай) түзөт. Жалпысынан токой өлкөнүн аймагынын 35% аянтын ээлейт. Андан жогору субальп жана альп шалбаасы таралган. Өлкө биол. ар түрдүүлүгү менен өзгөчөлөнөт. Коргоого алынган 10 табигый аймак бар. Рейн өрөөнүндөгү Руггеллер-Рит резерваты - эл аралык маанидеги суу-саздуу аймак.
Калкы. Өлкөнүн калкынын 67% и жергиликтүү лихтенштейиндиктер (2008); ошондой эле германиялыктар, австриялыктар, немистер, италяндар, мурдагы Югославия өлкөлөрүнөн келгендер, түрктөр жашайт. Л-де туруктуу жашаган калктын 4,8% и - башка өлкөлөрдүн жарандары. 20-к-дын 2-жарымы - 21-к-дын башталышында Л-дин калкы 3 эсеге өскөн. Иммигранттардын негизги агымы Австрия менен Швейцариядан, ошондой эле Италия, Испания, Түркиядан келген. Төрөлүү 1000 адамга 9,86 бала, өлүм-житим 1000 тургунга 7,42 адам. Адам өмүрүнүн күтүлгөн орт. узактыгы 80,1 жаш (аялдардыкы 83,5 жаш, Европадагы эн. жогорку көрсөткүч; эркектердики 76,6 жаш). Калкынын орт. тыгыздыгы: 1 км2 жерге 219 адам. Калктын көбү түндүк жана батыш бөлүктөрүндө тоо этектей жана Рейн д-н бойлой отурукташкан. Шаар калкы 69,4% тей (2010). Эң ири шаарлары: Шан, Вадуц, Тризен, Бальцерс, Эшен. Экономикасында 31 миңге жакын адам эмгектенет; анын 14 миңи Австрия, Швей-
цариядан, ошондой эле Германия жана Италиядан күн сайын барып-келип иштейт. Жумушсуздар 1,5%ти гана түзөт. Калкынын 88%ке жакыны христиандар (анын ичинде 78,4% и католиктер, 8,3% и протестанттар, 1,1% и православныйлар), 4,8% и мусулман-сүннөттөр.
Тарыхы. Азыркы Л. аймагын адамдар биздин заманга чейинки 5-миң жылдыктан мекендеген. Бул жерге реторомандыктардын ата-бабалары - рет уруулары отурукташып, римдиктер убагында Реция провинциясына (биздин заманга чейинки 15-жылдан) кирип, 5-к-да Л. аймагына алеманндар отурукташкан, 8-к-да Франк мамлекетине, 10-12-к-да Брегенц, Монфор тукумундагы графтардын бийлигинде болгон. 1699-1712-жылы бул аймактарды Лихтенштейн тукумунун австриялык князы каратып, 1719-жылы Ыйык Рим империясына көз каранды Лихтенштейн княздыгына бириктирген. 1799-жылы Л-ди Франция оккупациялаган. 1806-жылы Л. Рейн союзуна кирип, 1815-66-ж. Герман союзунун курамында болгон. 1805-жылы Л-де мектепте милдеттүү түрдө билим берүү киргизилген. 1852-жылы Л-дин Австрия империясы менен бажы келишимин түзүшү соода жана текстиль ө. ж-н өнүктүрүүгө түрткү берген. Князь Иоганн Пнин мезгилинде (1858-1929) өлкөдө реформалар жүргүзүлүп, гезиттер чыгарылып, 1861-жылы биринчи банк ачылган. 1862-жылы конституциясы кабыл алынган. 19-к-дын 2-жарымында княздыктын экономикалык жана финансылык абалы начарлап, Л.
калкынын көбү коңшу өлкөлөргө чыгып кетуүгө аргасыз болгон. Виринчи дүйнөлүк согуш (1914-18) мезгилинде Л. бейтараптуулугун сактаган. 1918-жылы алгачкы саясий партиялар (Христиан социалисттик элдик партиясы, Лихтенштейн элдик партиясы, Ата мекендик уюм ж. б.) пайда болгон. 1921-жылы жаңы Конституция иштелип чыккан. 1919-жылы Австрия менен түзүлгөн келишим күчүн жоготуп, Л. Швейцария менен келишим түзгөн. Бажы, валюта жана почта союзу жөнүндө келишим (1923) - бүгүнкү күнгө чейин Л. менен Швейцариянын өнөктөштүгүнүн негизги булагы. Л-дин валютасы швейцариялык франк болуп эсептелет. 1924-жылы өзүнчө мамлекет деп жарыяланганы менен Швейцариянын протекторатына айланган. Анын чет өлкөлүк дипломатиялык ишин Швейцария жүргүзөт. Экинчи дүйнөлүк согуш (1939-45) учурунда Л. Швейцария менен тыгыз байланышта болуп, бейтараптыгын сактап калган. 1945-жылдан кийин Л-дин экономикасы тез өнүгө баштаган. 2000-жылдардын башында ө. ж. өнүгүшү жана тейлөө чөйрөсү боюнча Л. өнүккөн Батыш өлкөлөрүнүн ичинен алдынкы орунду ээлеген. 1984-жылы аялдар шайлоо укуктарына ээ болушкан. 1989-жылы князь Ханс Адам II такка отурган. 2003-жылы конституцияга өзгөртүүлөр киргизилип, княздын укуктары кеңейген. 2004-жылы 15- августта Ханс Адам II мамлекетти башкаруу иштерин расмий түрдө уулу принц Алоисуга өткөрүп берген. 2009-жылы парламенттик шайлоодо Ата мекендик уюм (АУ) партиясы жеңишке жетип, анын лидери К. Чючер премьер-министрликке шайланган.
Чарбасы. ИДПнин жалпы көлөмү (2007-жылы 4,16 миллиард доллар) боюнча чакан мамлекеттердин катарына кирген Л. Европада акыркы орундардын бирин ээлейт. Бирок, ИДПни киши башына бөлүштүргөндө (122,1 миң доллардан) дүйнөдө 1-орунда. Экономикасынын негизин чет өлкөлүк (негизинен швейцариялык) капитал түзөт. 1923-жылы түзүлгөн бажы жөнүндөгү келишим боюнча Л. Швейцариянын ички экономикалык зонасына кирет. ИДПнин структурасында тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү 54% ти, ө. ж-ныкы жана курулуштуку 40% ти, айыл, токой жана балык чарбаларыныкы 6%ти түзөт (2007). Л. электр энергиясы менен өзүн толук камсыз кылат; энергияны Рейндин башатындагы куймаларына курулган чакан ГЭСтерден өндүрөт. Иштеп чыгуучу ө. ж-на бир жактуу адистешүү мүнөздүү; продукциясынын басымдуу бөлүгү (97%тен ашыгы) экспортко чыгат. Башкы экспорттук өндүрүштөрү: прибор куруу (негизинен жогорку тактыкта өлчөөчү приборлор), вакуум техникасы, микропроцессорлор, радиоэлектроника системаларын, ядролук физикаүчүн жабдуу чыгаруучу ишканалар. Негизги ө. ж. ишканалары: машина куруу, так машиналарын куруу заводдору. Чет өлкөлүк (Швейцария, Германия ж. б.) ишканалар менен кошо
тирөөч, чакан габариттүү курулуш материалдарын, электр-пневматикалык жана бургулоо техникаларын, оптикалык жана механикалык приборлорду, комплекттөөчү жана автомобиль тетиктерин, пресстелген жана штампталган буюмдарды, оптика системаларын, казан, вентиляция жана муздаткыч курулмаларын, радиоаппаратураларын, ө. ж. жана тиричилик электр-техникаларын, өлчөгүч жана оптикалык приборлорду чыгарууда. Эт консерваларын, сүт продукцияларын, шарап чыгаруу өнүккөн. Текстиль, жыгач иштетүү ишканалары иштейт. Шан шаарында жасалма (анын ичинде фарфордук) тиш жана тиш протездерин (дүйнөдө чыгарылган жана экспорттолгон продукциянын жарымы) чыгаруучу дүйнөдөгү эң ири жана уникалдуу ишкана бар; ошол эле ишкана түрдүү косметикалык продукция, өздүк гигиена каражаттарын, ошондой эле зер буюмдарын чыгарат.
А. ч-нда чакан дыйкан чарбалары басымдуу. А. ч. өндүрүшүнүн негизин ургаалдуу өнүккөн мал чарбасы (а. ч. өндүрүшүнүн көлөмүнүн 3/4) түзөт. Негизги тармагы - сүт багытындагы мал чарбасы. Өлкөнүн жер фондусунун х/гтл Жайыт катары пайдаланылат. Ошондой эле чочко, үй канаттуулары багылат, кой чарбачылыгы (негизинен жайытта асыралат) өнүккөн. Өсүмдүк өстүрүүчүлүк негизинен Рейн өрөөнүндө таралган. Буудай, жүгөрү, ошондой эле тоют өсүмдүктөрү, картөшкө, тамеки, жашылча ж. б. өстүрүлөт. Жүзүмчүлүк, мөмө-жемиш (айрыкча алма) өстүрүү өнүккөн.
Тейлөө чөйрөсү - өлкөнүн экономикасынын башкы сектору. Банк-финансы иштери, офшордук иштер жана чет элдик туризм өнүккөн. Л-дин эң ири 5 банкынын жалпы активи 30 миллиард швейцария франкынан ашык. Өлкөдө 3 ири банк иштейт. Капиталга болгон салыктын төмөндүгү, киреше салыгын жоктугу, ишканаларды ачуу жана каттоо процедураларынын жөнөкөйлүгү, ошондой эле банк-кредит мекемелеринин көптүгү Л-ге чет өлкөлүк компанияларды жана инвестицияларды тартуунун маанилүү фактору болуп саналат. Өлкөдө Л-ден сырткары бизнес жүргүзгөн 75 миңге жакын холдинг ж. б. чет өлкөлүк компаниялар катталган. Л. - тоо лыжа спортунун жана кышкы эс алуунун жалпы европалык маанидеги борбору. Өлкөгө жылына 150 миңге жакын
чет өлкөлүк турист келет. Л. жогорку класстагы рекреациялык, туристтик жана мейманкана инфраструктурасына ээ. Жыл сайын чыгарылган почта маркалары, анын ичинде коллекциялар да княздыктын бюджетине 10% ке чейин киреше алып келет.
Өлкөнүн аймагын батыштан чыгышты карай жалгыз т. ж. тармагы кесип өтөт; анын уз. Л-дин чегинде 9,5 км, Фельдкирх (Австрия) менен Буксты (Швейцария) байланыштырат. Транспорттун негизги түрү - автомобиль жолу; анын жалпы узундугу 380 км (2007). Ички суу жолу жергиликтүү катнаш (катерлер) үчүн пайдаланылат; Рейн д. боюнча узундугу 28 км. Аба катнашы Швейцариянын жана Австриянын эл аралык аэропорттору аркылуу жүргүзүлөт.
Товардык экспорту импортко караганда 2,5 эсе көп. Экспортунда бир жактуу адистешкен машина куруу продукциялары, стоматол. материалдар, фармацевтика жана косметология товарлары, мал чарба продукциясынын айрым түрлөрү, карапа буюмдары, ошондой эле почта маркалары басымдуу. Сырттан керектөө товарларын, машина жана жабдууларды, ө. ж. сырьёсун ж. б. сатып алат. Негизги соода шериктештери: Швейцария (экспорттун 20%тейи жана импорттун жарымынан көбү), Европа союзуна кирген өлкөлөр (экспорттун 45% ке чейинкиси; негизги кардарлары - Германия, Австрия, Италия) жана АКШ.
Маданияты. Биринчи апталык гезит 1862-жылы чыккан. Бир нече гезит жана журналдары бар. Радиоуктуруусу 1995-жылдан, телекөрсөтүүсү 1992-жылдан иштейт. Мамлекеттик басма сөз жана маалымат агенттиги иштейт. Шан шаарында жалгыз театр имараты (1960-жылы - кабаре; 2004-06-ж. реконструкцияланган) бар. Л. Симфониялык оркестри (1988) бар. Хор ырдоо (1879-жылдан), заманбап музыка (1985-жылдан) жана жаз (2000-жылдан) фестивалдары, фольклордук искусствонун майрамдары өткөрүлөт.


