ЛИТОТА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

30 октябрь 2026, саат 08:48 учурдагы нуска

ЛИТОТА (грекче litotes - жөнөкөйлүк, токтоолук дегенден) - сүрөттөлүп жаткан көрүнүштүн таа­сирин арттыруу максатында анын күчүн, көлө­мүн, маанисин атайылап кичирейтип сүрөттөгөн көркөм сөз каражаттарынын бир түрү. Л. ги­перболага карама-каршы мааниде колдонулат. Эгерде гиперболада сүрөттөлуүчү көрүнүш апыр­тылып берилсе, Л-да, тескерисинче, кичирейти­лип көрсөтүлөт (мисалы, «Тырнактай болуп жара­лып, Тууган жер консоң оюма. Көрсөтөр элем дүйнөгө, Көтөрүп жүрүп колума». Б. Сарногоев). Акын ата журтун кичирейтип «тырнактай» деп сүрөттөйт да, ага болгон терең сүйүүсүн күчтүү сезим менен берүүгө жетишет.