ЛИТОСФЕРА ПЛИТАЛАРЫ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
30 октябрь 2026, саат 08:48 учурдагы нуска
ЛИТОСФЕРА ПЛИТАЛАРЫ - Жердин литосферасы бөлүнгөн салыштырмалуу монолиттүү плиталар. Учурда 7 ири (туурасы 1000 «лгден жогору) плита бар: Түндүк Америка, Евразия, Түштүк Америка, Африка, Инди-Австралия, Антарктика жана Тынч океан. Бардык ири Л. п. (Тынч океан плитасынан башкасы) континенттик жана океандык бөлүктөрдү камтыйт. Ошондой эле 7 кичи плитага (туурасы 1000 клгден аз) да бөлүшөт: Кокос, Наска, Скоша (Скотия), Кариб, Араб, Филиппин, Каролин. Мындан тышкары түндүктө Түндүк Америка менен Евразия, түштүктө Түштүк Америка, Африка жана Инди-Австралия плиталарынын ортосундагы алкакта жайгашкан майда плиталар да бар. Л. п-нын магмалык жана сейсмдик активдүү зоналар менен белгиленген чеги вертикалдык же субвертикалдык бөлүнүү зоналары менен берилген. Л. п. бири-бирине салыштырмалуу горизонталдык (айрым учурда вертикалдык,) багытта бир нече миндеген кмге чейинки аралыкка (жылына.бир нече смден 10 смге чейинки ылдамдыкта) жылып турат. Плиталар кыймылга келгенде четтери бузулат. Л. п-нын ички бөлүктөрүндө бул учурда плиталардын четтеринде топтолгон чыңалуунун жана ички плиталык магматизм таасиринен ички плиталык деформациялар жүрөт. Л. п-нын жылышуу механизми Жердин мантиясынын конвекциясы менен байланыштуу. Л. п-нын жылышына кошумча күч катары Л. п-нын спрединг зоналарында (түпкүрдөн магма порциялар менен келгендиктен) ары-бери жылышы жана субдукция зонасында океандык Л. п-нын (терендикке байланыштуу оордук күчүнүн таасири астында океан литосферасынын тыгыздыгынын өсүшүнөн) тартылышы болот.