БАЯНДООЧ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
(Айырма жок)

29 март 2024, саат 05:08 учурдагы нуска

БАЯНДООЧ – граммат. жактан сүйлөмдүн ээсине баш ийип, анын кыймыл-аракетин, абалын, сыпатын, мүнөзүн, санын, ким, эмне экендигин билдирүүчү баш мүчө. Баяндооч ээге баш ийип, аны жак, сан б-ча ээрчип айтылат, предикативдик катышты түзөт. Тутумуна карай жөнөкөй, тутумдаш Б. болуп бөлүнөт. Б-тун милдетин, негизинен, этиш ж-а атооч сөз түркүмдөрү аткарат.