БАШ-КАЙЫӉДЫ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
29 март 2024, саат 11:02 учурдагы нуска
БАШ-КАЙЫӉДЫ – Нарын обл-нун Ат-Башы р-нундагы кыштак. Ача-Кайыӊды айыл өкмөтүнө караштуу. Райондун борбору Ат-Башы кыш-нан 10 км чыгыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 257 км. 1932-ж. орношкон. Деӊиз деӊг. 2140 м бийиктикте. Калкы 4121 (2009); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, бала бакча, ФАП, китепкана, клуб, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү бар. Кыштакта Сов. Союз. Баатыры Д. Асанов туулган.