ЛИССАБОН: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
15 октябрь 2026, саат 10:17 учурдагы соңку нуска
ЛИССАБОН, Лисабон - Португалиянын борбору жана башкы шаары. Пиреней ж. а-нын түштүк-батыш жээгинде Тежу д-нын чатында, Атлантика океанынан 15 км аралыкта жайгашкан. Лиссабон округунун администрациялык борбору. Калкы 473,6 миң (2010; Чоң Лиссабон агломерапиясында 2,6 миллион). Эл аралык аэропорту, метрополитен бар. Өлкөдөгү ири порт (жылына 15 миллион т жүк ташылат). Финикиялыктар тарабынан болжол менен биздин заманга чейинки 2-к-да негизделген. 1147-ж. арабдардан португалиялыктар тартып алып, Португалия королдугунун курамына кирген. 1255- жылдан Португалиянын борбору. Кеме куруу, электр-техникалык, химиялык, нефть ажыратуу, металлур-
гия, текстиль, тамак-аш (анын ичинде зайтун майы, балык консервалары) ж. б. ө. ж. ишканалары иштейт. Роман стилиндеги собор (12-к., 18-к-да кайрадан курулган), готика стилиндеги кармелиттердин монастыры (14-15-к.), 17-18-к-дын ак сарайлары, Ла Эштрела базиликасы сакталган. ИА, университеттер, музейлер (анын ичинде археол., этногр., диний, көөнө жана заманбап искусство), театр, планетарий бар. Ботаникалык бак, зоопарк уюштурулган. Эл аралык туризмдин ири борбору. Жыл сайын заманбап (1977) жана көөнө (1980) музыка фестивалдары өткөрүлүп турат.
