ЛИПИДДЕР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

15 октябрь 2026, саат 10:45 учурдагы нуска

ЛИПИДДЕР (Нроэ - май) - тирүү клеткалардын курамындагы тиричилик процессинде маанилүү ролго ээ май сымал заттар. Л. биол. мембрана­нын курамына кирип, клетканын өткөргүчтү­гүнө, ферменттердин активдүүлугүнө таасирин тийгизет, нерв импульсунун берилишине, бул­чуңдардын жыйрылышына, клеткалардын өз ара байланышын түзүүгө жана иммунндук-химиялык процесстерге катышат. Ошондой эле энергия топтоо, жылуулукту сактоо, механикалык таасирлерден коргоо ж. б. функцияларды аткарат. Л-дин көпчүлүгу - май кислоталарынын, спирттердин же альдегиддер­дин туундулары. Алар химиялык курамына жараша жөнөкөй жана татаал болуп бөлүнөт. Молекула­сы май кислотасынын же альдегиддердин жана спирт­тердин калдыктарыңан турган жөнөкөй Л. (май, мом ж. б.), ал эми курамында фосфоли­пиддер, гликолипиддер жана көп атомдуу спирт­тердин калдыктары барлар т а т а а л Л. деп аталат. Л-ге стериндер, хинондор, терпендер да кирет. Л. сууда начар, петролей эфири, бензол ж. б-да жакшыраак эрүүчү беттик активдүү зат­тар. Организмде липазанын таасири менен фер­менттик ажыроого учурайт.