ЛИПАРИ АРАЛДАРЫ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
15 октябрь 2026, саат 10:45 учурдагы нуска
ЛИПАРИ АРАЛДАРЫ - Тиррен деңизиндеги жанартоодон пайда болгон аралдар тобу, Сицилиядан түндүк тарапта; Италиянын аймагы. Жети ири аралдан (Липари, Салина, Вулькано, Стромболи, Филикунди, Аликуди, Панареа) жана 10 майда аралдан турат. Жалпы аянты 117 км2. Базальттуу лава жана туфтардан түзүлгөн. Вулькано жана Стромболи аралдарында аракеттеги жанартоолор жайгашкан (бийикт. 926 мге чейин). Анжир, жүзүм өстүрүлөт, зайтун токою бар. Шарап чыгаруу өнүккөн.