ЛИПА: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
15 октябрь 2026, саат 10:45 учурдагы нуска
ЛИПА, жөкө дарак (ТШа) - өсүмдүктөрдүн липалар тукумундагы жалбырагы күбүлмө дарактар уруусу. Бийикт. 15-25 м, айрымдары 40 жге жетет. Сөңгөгүнүн жоондугу 2-5 лгдей. Жалбырагы көбүнчө тишчелүү, сабакта кезектешип жайгашат. Гүлү агыш же саргыч, жыттуу. Топ гүлү - калканча же чачы сымал. Мөмөсү - жаңгакча. Л. демейде 150, айрым түрлөрү 500дөн ашык жылга чейин өсөт. Уругунан жана чырпыгынан көбөйөт. Л-нын дүйнөдө 50дөй, КМШ өлкөлөрүндө 17 түрү бар. Кеңири таралган түрлөрү - жүрөк сымал Л., европа Л-сы, амур Л-сы. Кыргызстанда атайын өстүрүлөт. Л. кооз болгондуктан, жашылдандырууда колдонулат, балдуу өсүмдүк. Гүлү («липа гүлү») дары каражаты катары, чайга, шарапка жыт берүү үчүн пайдаланылат. Жыгачы буюм жасоодо да пайдаланылат.