ЛИНКОЛЬН: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

15 октябрь 2026, саат 10:45 учурдагы нуска

ЛИНКОЛЬН Авраам (12. 2. 1809, Кентукки шта­ты, Ходженвилл - 15. 4. 1865, Вашингтон) - Американын мамлекеттик ишмери, АКШнын 16-пре­зиденти (1861-65). Кулчулукка каршы чыккан респ. партияны уюштуруучулардын бири (1854). Л. Миссисипи д-нда сал агызуучу, жер ченегич, почта кызматкери болуп иштеп, 1834-жылдан коомдук иштерге катыша баштаган. 1834- 41-ж. Иллинойс мыйзам чыгаруу чогулушунун, 1847-49-ж. АКШ конгрессинин өкүлдөр палата­сынын мучөсү. 1836-ж. адвокаттык укукка ээ болгон. Л. карапайым элдин (анын ичинде негрлерге

азаттык берүү) жана аялдардын укуктары (шай­лоого катышууга ж. б.) үчүн күрөшкөн. АКШ­нын түштүк аймагы кулчулук системасын кол­досо, түндүгү негрлердин эркиндигин жактаган. 1854-ж. АКШнын Респ. партиясын уюштурууга активдүү катышып, шайлоодо Ж. Ч. Фримонт­тун кандидатурасын жактаган. 1860-ж. Л. АКШ­нын президенттигине шайланган. Өлкөдөгү жа­рандык согуштун (1861-65) убагында Л-дун де­милгеси менен 1863-ж. 1-январда кулчулук жоюл­ган. 1863-жылдагы козголоңго катышкан жер­сиз негр-кулдарга -Нзаттык берилген (1863), армия реакциячыл көз караштардан тазалан­ган. Бул жарандык согушта Түндүктүн жеңи­шине шарт түзгөн. Л-дун тышкы саясаты баш­ка өлкөлөрдү (Англия, Франция ж. б.) АКШ­нын ички иштерине кийлигиштирбөөгө, достук мамиле түзүүгө багытталган. Л. 1864-ж. экинчи мөөнөткө президент болуп шайланган. АКШнын түштүк аймагын реконструкциялоо планын иш­теп чыккан. 1865-ж. 9-апрелде Түштүк аймагы ба­гынгандан кийин плантаторлор жана Нью-Йорк банкирлери жалдаган актёр Ж. У. Бутс тара­бынан оор жарадар болгон. Вашингтондо (1922) жана Лондондо (1876) Л-го арналган мемориал­дык эстелик тургузулган.

А. Линкольн.А. Т. Трю тарткан портрет. 1911.

Ад.: Сэндберг К. Линкольн. М., 2003; Иванов Р. Ф. А. Линкольн и гражданская война в США. 2-е изд. М., 2004.