ЛИМФАДЕНЙТ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
15 октябрь 2026, саат 10:17 учурдагы соңку нуска
ЛИМФАДЕНЙТ (лимфа жана грекче абзп - без) - лимфа бездеринин (түйүндөрүнүн) сезгениши. Лимфа аркылуу оору пайда кылуучу микроорганизмдердин, алардын токсиндеринин, ткандын бузулган заттарынын лимфа түйүнүнө киришинен пайда болот. Организмдин абалына жана микробдун оору пайда кылуу активдүүлүгүнө жараша микроб лимфа түйүнүндө өлөт же аны сезгендирип, кээде ириндетет. Л. катуу кармаган жана өнөкөт сезгенүүлөрдө, ошондой эле жалпы жугуштуу ооруларда учурайт. Катуу кармаган Л-те жабыркаган без шишип, катуу ооруйт, лимфа түйүнүңө коңшу ткандар сезгенип, айланасында инфильтрат пайда болот. Оорулуунун денеси ысыйт, тамакка табити тартпайт, башы ооруйт. Ириндеп кеткен Л-ти өз убагында хирург. операция жасабаса ирин тегерегиндеги ткандарга өтүп, оор кабылдоого - флегм.онага алып келиши мүмкүн. Өнөкөт Л. лимфа бездеринин чоңоюп, катууланышы, кыймылынын начарлашы менен мүнөздөлүп, өнөкөт инфекцияларда (туберкулёз, котон жара) учурайт. Дарылоо аны пайда кылган себептерине, сезгенген жерине жараша, антибиотиктер, физиотерапия ж. б. колдонулат, керек учурда хирургиялык операция жасалат.