ЛИМФАДЕНЙТ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

15 октябрь 2026, саат 10:45 учурдагы нуска

ЛИМФАДЕНЙТ (лимфа жана грекче абзп - без) - лимфа бездеринин (түйүндөрүнүн) сезгениши. Лимфа аркылуу оору пайда кылуучу микроор­ганизмдердин, алардын токсиндеринин, ткан­дын бузулган заттарынын лимфа түйүнүнө ки­ришинен пайда болот. Организмдин абалына жана микробдун оору пайда кылуу активдүүлүгүнө жараша микроб лимфа түйүнүндө өлөт же аны сезгендирип, кээде ириндетет. Л. катуу карма­ган жана өнөкөт сезгенүүлөрдө, ошондой эле жалпы жугуштуу ооруларда учурайт. Катуу кармаган Л-те жабыркаган без шишип, катуу ооруйт, лим­фа түйүнүңө коңшу ткандар сезгенип, айлана­сында инфильтрат пайда болот. Оорулуунун де­неси ысыйт, тамакка табити тартпайт, башы ооруйт. Ириндеп кеткен Л-ти өз убагында хи­рург. операция жасабаса ирин тегерегиндеги ткандарга өтүп, оор кабылдоого - флегм.онага алып келиши мүмкүн. Өнөкөт Л. лимфа безде­ринин чоңоюп, катууланышы, кыймылынын начарлашы менен мүнөздөлүп, өнөкөт инфекция­ларда (туберкулёз, котон жара) учурайт. Да­рылоо аны пайда кылган себептерине, сезген­ген жерине жараша, антибиотиктер, физиоте­рапия ж. б. колдонулат, керек учурда хирургиялык операция жасалат.