ЛЙМФА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

15 октябрь 2026, саат 10:45 учурдагы нуска

ЛЙМФА (латынча 1утрЬа - таза суу, ным) - адам жана омурткалуу жаныбарлардын лимфа систе­масында айлануучу суюктук. Ачка болгондо Л. тунук, ал эми тамактангандан кийин эмуль­сияланчу майлар көбөйүп, тунук болбой, ак түскө өтөт. Анда плазмага караганда белоктор азыраак, лимфоциттер көп, эритроциттер абдан аз. Л. тканга кан плазмасынан суюктуктун да­йыма келип турушунан жана андан лимфа та­мырына өтүшүнөн пайда болот. Негизинен азык­тандыруу жана коргоо функциясын, ошондой эле орга­низмдеги ткандар менен кандын ортосундагы зат алмашууну камсыз кылат. Химиялык курамы боюнча кан плазмасына, ткань суюктугуна жана жүлүн суюктугуна өтө окшош. Анда бир аз белок, глю­коза, май, минерал заттар, лимфоциттер ж. б. болот. Л-нын курамы ал агып чыгуучу орган­дардын абалына байланыштуу. Ага кан менен лимфа тамырынын өткөргүчтүгү жана осмос ба­сымы, нейрогумордук башкаруунун абалы таа­сир этет. Майдын көпчүлүгү ичегиден Л-га си­ңет. Л-га уу жана бактерия токсиндери оңой

кирип, ал Л. түйүндөрүндө тазаланат. Л-нын Л. тамыры боюнча кыймылын организмдин фи­зиол. активдүүлүгү, дене булчундардын жыйры­лышы жана венадагы тескери басым камсыз кы­лынат. Адамдын лимфа. системасында 1-2 л Л. болот. Л. организмде капиллярларда гидро­статикалык басым көтөрүлгөндө, зат алмашуу күчөгөндө жана патол. абалда көбөйөт.