ЛИМАСОЛ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
15 октябрь 2026, саат 10:45 учурдагы нуска
ЛИМАСОЛ, Лемесос - Кипрдин түштүгүндөгү шаар. Лимасол округунун (епархия) администрациялык борбору. Жер Ортолук деңизиндеги Акротирион булуңунун жээгинде жайгашкан. Калкы 172,1 миң (2010; калкынын саны боюнча өлкөдө Никосиядан кийинки 2-шаар). Ири порт (жылына 4,4 миллион т жүк ташылат). Шаардын эски бөлүгүндө Ыйык Екатерина (10-к.), иониттер (13-к.) соборлору, Кебир-Жами мечити (16-к-дын аягы), түрк мончосу ж. б. сакталган. Тамак-аш (эт, сүт, май), жеңил, парфюмерия-косметика жана фармацевтика ө. ж. ишканалары иштейт. Университеттер, кампустар, китепканалар, музейлер, сүрөт галереясы, театр бар. Эл аралык балет (2000-жылдан), шарап фестивалДары жана карнавалдар өткөрүлүп турат. Туризм өнүккөн.