ЛИМАН: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
15 октябрь 2026, саат 10:45 учурдагы нуска
ЛИМАН (грекче Нтеп - гавань, бухта) - 1) жээктери жапыз, ийри-буйру узун булуң. Түздүктөгү дарыялардын чатын же жээктердеги оёң жерлерди деңиз суусу жайпап калышынан пайда болот. Л-дар деңизди карай ачык (мисалы, колтуктан) жана жабык (деңизден саяң аркылуу бөлүнүп турган) болот. Адатта, Л-га майда кумдук, алеврит жана ылай, кээде күйүүчү сланец, көмүр, нефть пайда кылуучу органикалык заттар топтолот. Материктен тузсуз суу аз куюп, аймактын климаты кургакчыл болгондуктан, Л-ды шор басып, туз аралаш тунма баткак пайда болот; баткак дарылык касиетке ээ. Л. көбүнчө Кара деңизге мүнөздүү. Ысык климаттык шартта боксит пайда кылуучу алюминий менен темирдин кычкылы топтолот; 2) КМШнын европалык бөлүгүнүн кургакчыл түштүк-чыгыш бөлүгүндөгү оён жерлердин жергиликтүү аталышы. Оёң жерлерге жазгысын суу толуп, тайыз көлдөр пайда болот; алар жайында соолуп, сазга же шалбаага айланат.