ЛИЛОНГВЕ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
15 октябрь 2026, саат 10:45 учурдагы нуска
ЛИЛОНГВЕ - Малави Респ-нын борбору. Чыгыш Африкада, Лилонгве д-нын боюнда, деңиз деңгээлинен 1100 м бийиктикте жайгашкан. Борбордук провинциясынын администрациялык борбору. Калкы 723,6 миң (2010; өлкөдөгү калкынын саны боюнча эң ири шаар). Тогуз жолдун тоому. Эл аралык аэропорту бар. 1902-ж. негизделген. Өлкөнүн мур-
дагы борбору Зомба ш-нын ордуна 1975-ж. борбор болуп калган. Шаардын жаңы бөлүгүндө ар кандай администрациялык турак-жайлар, соода борборлору жайгашкан, Тамак-аш, жеңил ө. ж. ишканалары иштейт. Белек-бечкектер жасалып, сатылатынча А. ч-ны изилдөө станциясы (1948), Борбордук ветеринария лабораториясы (1974), медициналык, а. ч., техникалык коллеждер, Улуттук китепкана кызматы (1968; фонду 700 миң) бар. Жыл сайын тамеки аукциону өткөрүлүп турат.
