ЛИ ГИ ЁН: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
15 октябрь 2026, саат 10:45 учурдагы нуска
ЛИ ГИ ЁН [жашыруун аты - Минчхон; 29. 5. 1895, Чхунчхон ш-на жакынкы Хверён кыш. (азыркы Асан ш-нын тегереги) - 1984, КЭДР] - корей жазуучусу, мамлекеттик жана коомдук ишмер. 1925-ж. Корей пролетардык жазуучулар федерациясын уюштургандардын бири. 1922-23-ж. Токиодо окуган. 1924-жылдан «Байкемдин жашырын каты» аттуу аңгемеси менен чыгармачылыгы башталган. «Карапайым калк кыштагы» (1925) деген повестинде, «Тууган эл» (1934) жана «Жаңылык» (1939) романдарында корей элинин турмушун сүрөттөгөн. 1945-жылдан кийин Кореяда жүргүзүлгөн жер реформасы жөнүндөгү «Жер» (1- 2-бөлүк, 1948-60), япон баскынчыларына каршы күрөштү көрсөткөн үч томдук «Туманган өзөнү» (1954-64) романы бар. 1950-жылдан Тынчтыктын бүткүл дүйнөлүк советинин мүчөсү. 1946-жылдан Корей-совет достук коомунун
төрагасы болгон. Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган.