ЛИВИЯ ЧӨЛҮ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
15 октябрь 2026, саат 10:45 учурдагы нуска
ЛИВИЯ ЧӨЛҮ Африкада, Нил д-нан батышта, Ливия, Египет, Судандын аймактарында, Сахаранын түндүк-чыгыш бөлүгүндө жайгашкан. Аянты 2 миллион кж2дей. Түндүк бөлүгү түзөң, кум дөбөлөрү (бийикт. 300 мге чейин) басымдуу, түндүк-чыгышында тектоникалык терең ойдуңдар (Каттара, деңиз деңгээлинен 133 м төмөн жайгашкан Сива, Файюм ж. б.) бар. Түштүк бөлүгүн 400-500 м бийиктеги (айрым жеринде 1934 мге жеткен) таштуу (хамада) же кумдуу платолор ээлейт. Климаты тропиктик чөлдүү, түндүгү жер ортолук деңиздик жарым чөлдүү. Январдын орт. температурасы 12- 18°С, июлдуку 28-35°С. Температуранын суткалык өзгөрүүсү 16°Ска чейин жетет. Жылдык жаанчачыны 25 лоеден аз, түндүгүндө 50-100 мм. Буулануунун жылдык өлчөмү 4000 лгмден ашат. Л. ч-ндө кургак сайлар - уэддер дээрлик жокко эсе. Чөл акациясы, тамариск, шыбак өсөт. Булак чыккан жерлеринде - Сива, Бахария, Файюм, Куфра, Харга, Дахла, Фарафра оазистери бар. Оазистерде калктын негизги бөлүгү отурукташкан, алар курма пальмасын, шабдалы, өрүк, дан өсүмдүктөрүн өстүрөт. Мал чарбасы өнүккөн. Файюм, Харга оазистери т. ж. аркылуу Нил өрөөнү менен байланышат. Бахарияда темир кени бар.