ЛИВИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

15 октябрь 2026, саат 10:45 учурдагы нуска

ЛИВИЯ (арабча аль-Либия), Улуу Социалисттик Элдик Ливия Араб Жамахириясы (арабча Аль-Жа­махирия аль-Арабия аль-Либия аш-Шаабия аль­Иштиракия аль-Узма) - Түндүк Африкадагы өлкө. Чыгышынан Египет, түштүк-чыгышынан Судан, түштүгүнөн Чад жана Нигерия, батышынан Ал­жир, түндүк-батышынан Тунис менен чектешет. Түндүгүнөн Жер Ортолук деңиз чулгайт (жээк сызыгынын уз. 1860 км). Аянты 1672,2 миң км2. Калкы 6,3 миллион (2009). Борбору - Триполи ш. Акча бирдиги - лиңия динары. Л. 3 тарыхый облусту - Триполитанияны, Киренаиканы, Фец­цанды камтыйт. Администрациялык-аймактык жактан 22 администрациялык ра­йонго (провинцияга, шаабиге) бөлүнөт. Алар:

Бенгази (администрациялык борбору - Бенгази), Вади-эль-Хаят (Аубари), Вади-эш-Шати [Брак (Эль-Бирак)], Гат (Гат), Дерна (Дерна), Марзук (Марзук), Мис­рата (Мисрата), Налут (Налут), Сабха (Сабха), Сурт [Сурт (Сирт)], Триполи (Триполи), Эз-За­вия (Эз-Завия), Эль-Бутнан (Тобрук), Эль-Ва­хат (Аждабия), Эль-Жебель-эль-Ахдар (Эль-Бай­да), Эль-Жебель-эль-Гарби (Гарьян), Эль-Жифа­ра (Эль-Азизия), Эль-Жуфра (Хун), Эль-Куфра (Эль-Куфра), Эль-Маргаб (Хомс), Эль-Марж (Эль­Марж), Эн-Нугат-эль-Хумс (Зувара).

Л. - БУУнун (1955), Араб өлкөлөрү лигасынын (1953), ЭВФтин (1958), Эл аралык реконструк­циялоо жана өнүктүрүү банкынын (1958), ОПЕК­тин (1962), Африка союзунун (1963; 2002-ж. че­йин Африка биримдиги уюму), Ислам конфе­ренция уюмунун (1969) ж. б. мүчөсү.

Мамлекеттик түзүлүшү.

Л - унитардык мам­лекет. Вашкаруу формасы - конституциялык монархия. Л-нын мамлекеттик түзүлүшү 2011-ж. че­йин М. Каддафинин «Үчүнчү дүйнөлүк теория­сынын» негизинде аныкталган. Бул теориянын мааниси эл массасынын институтсуз (президент, парламент, өкмөт жана партия) өлкөнү башка­рууга тикеден-тике катышуусу. 1977-ж. 2-март­та Ливия Элдик Социалисттик Араб Жамахириясы (СЭЛАЖ) деп жарыяланган. Жарандык согуш жана чет элдик интервенциянын натыйжасында бийликке Улуттук өткөөл кеңеши келип, 2011-ж. 3-августта расмий түрдө Ливия аталып, 1951-69-жылдагы монархиянын тушундагы же­лекти кайрадан кайтарып берген.

Табияты.

Жер Ортолук деңиздин жээги анча тилмеленген эмес, эң чоң жана жалгыз булуңу - Сидра (Чоң Сирт). Сидра булуңунан батыш та­раптагы жээги жапыз, кумдуу, лагуналуу, чы­гышы тик, тоолуу. Деңизди жээктей аккуму­ляциялык түздүк (бийикт. 200 мте чейин) созу­луп, чыгышты карай улам жайылат; анда тек­тон. туюк, туздуу ойдуңдар бар. Жалпысынан Л-нын аймагынын 98% ин субтропиктик жарым чөл (түндүгүн) жана тропиктик чөл (түштүгүн), анын көп бөлүгүн бийикт. 200-600 м келген (эң бийик жери 876 м) платолор ээлейт. Платолор айрым жерлеринде Хамада-эль-Хамра, Эль-Же­бель-эль-Ахдар оёңдору менен бөлүнгөн. Түш­түгүнөн жанартоолуу Тибести тайпак тоосунун тармактары (бийикт. 2310 жге чейин, Бетте чо­кусу - Ливиянын эң бийик жери) кирип турат. Чыгыш бөлүгүн Ливия чөлу ээлейт. Байыркы Африка платформасынын түндүк бөлүгүндө жай­гашкан. Нефть (дүйнөлүк запастын 3%ке жа­кыны) менен газ кендерине бай; ошондой эле темир, гипс, туз (сал, калий, магнезий туздары), табигый со­да, цементтик акиташ теги, чопо, курулуш куму жана ташы, көмүр, фосфорит кендери бар.

Түндүгүнө субтропиктик жер ортолук деңиз­дик климат мүнөздүү. Январдын орт. температурасы 11-12°С, июлдуку 27-29°С, максимум температура

57,8°С (Эль-Азизияда) - Жер шарындагы эң жогорку температура. Кышында тоолордо температура 3°Ска чейин төмөндөйт, кар жаайт. Жаан-ча­чын түздүктөрдө күз-кыш мезгилдеринде 300 мм, плато капталдарында 600 ммге чейин жаайт. Жайында жаан-чачын дээрлик жаабайт. Өлкө­нүн калган аймагында тропиктик чөл климаты үстөмдүк кылат, температурасы сезон жана сут­ка боюнча кескин өзгөрүп турат, абасы өтө кургак­чыл. Чөлдөрдөгү кышкы орт. температура 12-18°С, түн ичинде аба 0°Ска, Тибести тайпак тоосунда -15°Ска чейин төмөндөйт. Жайкы орт. темп­расы 32-35°С, эң ысык (50°Стан жогору) жери - Ливия чөлүнүн борбордук бөлүгү. Температурасы жайын­да сутка ичинде 20°Ска чейин, кышында 40°Ска чейин өзгөрөт. Өлкөнүн бул бөлүгүнүн 93% ай­магында жаан-чачындын жылдык өлчөмү 100 жлден ашпайт. Ысык, кургак чандуу бороон (гибли, хамсин) болуп турат.

Туруктуу аккан агын суусу жок. Сидра булу­ңунун жээгине жакын, Киренаика, Феццан та­рыхый обл-нда кургак нуктар - уэддер көп кездешет. Жер астындагы суунун запасы зор; анын жыл сайын калыбына келип туруучу ре­сурсу 500 миллион м3. Негизги артезиан бассейнде­ри: Марзук, Жебель-Нафуса, Жефара, Эль-Кура, Эль-Ахдар. Түштүк артезиан бассейндеринен суу зор шаркыратма - «Улуу жасалма дарыя» ар­кылуу (жылына 2300 лг3) сордуруп алынат. Өлкөнүн сугат жеринин (316 миң га) 99% и жер астындагы суу менен сугарылат.

Л-нын аймагынын басымдуу бөлүгүн (98% ин) субтропиктик жарым чөл (түндүгү) жана тропик­тик чөл (түштүгү) ээлейт. Жээктей таралган боз жана бозомук-күрөң топуракта сейрек өскөн ака­ция, сикоморлор, тамариск, нымдуурак жерле­ринде - маквис, бал карагай, арча кездешет. Жээк тилкеси менен чөлдүн аралыгын шыбак, жапыз өскөн катуу чөп жана бадалчалар ээлейт. Эбегейсиз чөлдүү мейкиндикте өсүмдүктөр дээр­лик өспөйт, кургакчылыкта өсүүчү айрым ти­кендүү бадалдар, бадалчалар жана баялыштар гана кездешет. Флорасы 1800дөн ашык өсүмдүк түрүн камтыйт, анын 7%и эндемиктер. Коргоо­го алынган аймак өлкөнүн аймагынын 1%ке жакын аянтын ээлейт; алардын эн ирилери: Зеллаф резерваты, Куф улуттук паркы, Гара­булли коргоого алынган аймагы.

Калкы. Калкынын көбүн (86,1%ин; 2009) араб­дар, ливиялыктар (71%), египеттиктер (8%), су­дандыктар (3,6%), тунистиктер (3%), палести­налыктар (0,5%) түзөт. Мамлекеттик дини - ислам. Калкынын басымдуу бөлүгү (97%тен ашыгы) мусулман-сүнөттөр, анын 80-90% и маликиттер, калганы ханафиттер. Тоолуу бөлүгүндө жана ай­рым оазистеринде берберлер (9,3%), туарегдер жашайт. Төрөлүү (2008-ж. 1000 адамга 25,62 ба­ла) өлүм-житимден (ЮООге 3,46 адам) алда кан­ча жогору. Адам өмүрүнүн күтүлгөн орт. узак­тыгы 77,1 жыл (эркектер 74,8 жаш, аялдар 79,4). Калкынын орт. жыштыгы: 1 км2 жерге 3,7 адам (2009). Эң жыш отурукташкан жери түндүгүн- -дөгү жээк тилкеси, анда 1 км2 жерде 50 адамга жетет, ал эми калган бөлүгүндө 1 адамга чейин гана туура келет. Шаар калкы 78% (2008). Ири шаарлары: Триполи, Бенгази, Мисрата, Тобрук, Сабха ж. б.

Тарыхы.

Азыркы берберлердин ата-бабалары Л-ны биздин заманга чейинки 8-миң жылдыктан мекендеген. Алгачкы жамааттык түзүлүш миндеген жылдар бою сакталган. Л. аймагын финикиялыктар (12-9-к.), гректер (7-к.), римдиктер (2-к.), ван­далдар (биздин замандын 455-ж.), византиялыктар (533-ж.), арабдар (642-643-ж.), Омеяддар халифаты (7- к-дын 2-жарымы), Аббасиддер мамлекети (12- 13-к.), Мамлюктар султандыгы (13-к-дын орто­су) караткан. Араб урууларынын Л-га көчү­рүлүшүнүн натыйжасында жергиликтүү калк (бербер­лер) арабдашып, ислам дини тараган. 1551-ж. Л. аймагы Осмон империясына кошулган. 17- к-дан Л-ны түрктөр башкарган. 1711-ж. түрктөр­дүн Л-дагы бийлиги жоюлуп, өлкөнү Караман­ли династиясы (1711-1835) башкарган. 1835-ж. кайрадан Түркия (1912-ж. чейин) басып алган. 19-к-дын ортосунда Л-да Осмон империясынын бийлигине каршы көтөрүлүштөр чыккан. 1911- 12-ж. Италия менен Түркиянын ортосунда Л. ай­мактары (Триполитдния жана Киренаика) үчүн болгон согуштан кийин Л. Италияга караган. Жергиликтүү элдин италиялык колониячыларга көрсөткөн каршылыктарынан улам, Италия аскерлери Л-нын жээк аймактарын гана көзөмөлдөгөн. 1- дүйнөлүк согушта (1914-18) Италия жеңилип калып, аскерлеринин көбүн Л-дан алып кетүүгө мажбур болгон. Анын бийлигинде Хомс, Три­поли, Бенгази ш. калган. 1918-ж. Триполита­ния респ. деп жарыяланган. Италияда фашист­тер бийликке келгенден кийин (1923) италиялык өк­мөт Л-да согуш аракеттерин улантып, жергиликтүү калкты кырып-жоюуга киришкен. Өлкөнүн экономикасы Италиянын көзөмөлүнө өткөн. 1939-ж. Киренаика, Триполитания жана Феццан

Бенгази (Киренаика) ш-нын эли Гитлерге каршы коалициянын аскерлерин тосуп алууда. 1941.

Италиянын курамына кошулуп, генерал-губер­натор башкарган. 2-дүйнөлүк согуш мезгилинде Л. жерин Италия-Германия аскерлери басып ал­ган. 1943-ж. алар куулуп, Л. Улуу Вритания (Киренаика, Триполитания) менен Франциянын (Феццан) согуштук администрациялык бийлигине өткөн. Со­гуштан кийин Л. аймагында ар кандай саясий уюмдар жана партиялар (Улуттук партия, Эркин улуттук блок, Бириккен улуттук фронт ж. б.) пайда болуп, бирдиктүү көз карандысыз Ливия мамлекетин түзүүгө аракеттенишкен. 1949-ж. 21-ноябрда БУУнун Генералдык Ассамблеясы­нын чечиминин негизинде 1951-ж. 7-октябрда Л. Конституциясы кабыл алынып, 1951-ж. 24- декабрда король И. ас-Сенуси (Идрис I) башын­да турган көз каранды эмес Л. Кошмо Королду­гу (Киренаика, Триполитания, Феццан провин­цияларынан турган федерация) жарыяланган.

Англия-Ливия (1954) келишимдерине ылайык АКШ менен Улуу Британия Л. жеринде аскерле­рин жана согуштук базаларын кармоого укук алган. 1963-ж. Л. федеративдүү мамлекеттен унитардыкка айланган. Аялдар шайлоо укукта­рына ээ болгон. 1964-ж. армияда монархияга каршы ЭОЖС (Эркин офицерлер - жаш-социа­листтер) уюму түзүлгөн. 1969-ж. 31-сентябрдан 1-августка караган түнү капитан М. Каддафи баш болгон ЭОЖС мүчөлөрү уюштурган мамлекеттик төңкөрүш королдук бийликти кулатып, өлкө Ливия Араб Респ. (ЛАР) деп аталган. Бий­лик М. Каддафи (1969-2011) башында турган Революциялык командалык кеңешке (РКК) өткөн. 1970-ж. 27-мартта Л. аймагындагы чет өлкөлүк бардык согуштук базалар (Эль-Адемдеги жана Тобруктагы америкалык базалар ж. б.) жоюлган. РКК империализмге каршы бейтарап саясатты жүр­гүзгөн. 1972-ж. мартта М. Каддафинин төрага­лыгы менен массалык саясий уюм - Араб социалисттик уюму (АСУ) уюшулган. 1973-ж. Каддафи түзгөн «Үчүнчү дүйнөлүк теория» АСУнун идеол. плат­формасы болуп калган. Бул теориянын неги­зинде эл ортомчуларсыз (партия, парламент ж. б.) бардык мамлекеттик иштерди башкара турган­дыгы пландаштырылып, Л-да «эл массасынын коому» - «жамахирия» түзүлгөн. «Үчүнчү дүйнө­лүк теория» эрежелерине ылайык өлкөдө иш­теп жаткан мыйзамдар кайра каралып, 1974-ж. күзүндө РКК шариат нормаларына не­гизделген мыйзам актыларын кабыл алган. 1977-ж. 2-мартта өлкө Социалисттик Элдик Ливия Араб Жамахириясы (СЭЛАЖ) деп жарыяланган. АСУнун Жалпы улуттук конгресси Жалпы эл­дик конгресс (ЖЭК) болуп өзгөрүлүп, анын жо­горку мыйзам чыгаруу функциялары сакталган. ЖЭКтин генералдык секретарлыгына М. Кад­дафи шайланган. 1969-жылдагы конституция­лык декларациянын иши токтотулуп, куран «коомдун башкы мыйзамы» деп жарыяланган. Л. өкмөтү Жогорку элдик комитет (ЖЭКОМ), министрликтер - секретариаттар деп аталган. 1977-ж. элдик бийликти орнотуу жөнүндө деклара­ция кабыл алынып, саясат, экономика ж. б. чөйрөлөрдө бийликтин чечимдерин ишке ашы­рууга жооптуу болгон ревкомдор түзүлгөн. 1979- жылдан М. Каддафи башында турган СЭЛАЖ­дын революциялык жетекчилиги өлкөдөгү жогорку саясий бийликти колуна алып, ал расмий түрдө Ливия революциясынын лидери деп аталган.

1970-жылдардын аягында Л. империалист­терге каршы радикалдуу кыймылдарды колдо­гон. СЭЛАЖ Бенин, Гамбия, Буркино-Фасо, Ли­берия, Сомали, Эфиопия, Сьерра-Леон, Борбордук Африка Респ-ларына аскердик колдоо көрсөт­көн. М. Каддафинин демилгеси менен Триполиде 1977-ж. Л. Сирия, Алжир, Йемен Элдик Демокр. Респ. жана Палестинаны боштондукка чыгаруу уюмунун жетекчилеринин кеңешмеси болуп, Улуттук фронт түзүлгөн. 1986-ж. 15-апрелде америкалык авиация Л-га батыш берлиндик дискоте­кага теракт уюштурган деген күнөө менен Л. ай­мактарын бомбалаган. 1991-ж. АКШ, Улуу Бри­тания жана Франция СЭЛАЖды америкалык жана фр. жарандык авиалайнерлерди жардырган деп кү­нөөлөгөн. 1992-ж. АКШ жана Улуу Британиянын талабы боюнча БУУнун Коопсуздук Кеңеши Л-га каршы эл аралык санкцияларды киргизген, бирок 1998-ж. бул санкция токтотулган. 2002-ж. М. Каддафи өзүнүн күнөөсүн мойнуна алып, Локерби ш-ндагы теракттан курман бол­гондордун туугандарына компенсация төлөп берүүнү убада кылган. 2003-ж. июнда ЖЭКтин сессиясында СЭЛАЖ жетекчилиги өлкөгө «эл­дик капитализм» куруу курсун киргизген. Л-да улуттук экономиканын негизин түзгөн нефть ж. б. ө. ж. тармактары менчиктештирилген. 2008-ж. 3-мартта Сирт ш-нда өткөн Л. «жама­хириясынын» 31 жылдыгына арналган салта­натта М. Каддафи нефть сатуудан түшкөн ки­решелер ар бир жаранга түздөн-түз бөлүнүп бе­рилерин жарыялаган. Бул чечимге ылайык ливиялык ар бир үй-бүлөгө айына 5 миң ли­виялык динар (4166 доллар, 2008) бөлүнгөн. Мындай көз карандысыз, өз алдынча жүргүзүл­гөн саясат айрым мамлекеттердин (АКШ, Фран­ция, Италия) кызыкчылыгына туура келбей, 2011-ж. аскердик интервенция уюштуруп, М. Каддафинин бийлигин кулаткан.

Чарбасы.

Л-нын экономикасынын негизин нефть-газ ө. ж. түзөт. Табигый нефть жана газ өндүрүү ИДПнин '/4ге жакын көлөмүн, түш­көн валюта наркынын 95% ин, мамлекеттик бюджет­тик кирешенин 90%тен ашыгын түзөт (2008). ИДПнин көлөмү 87,72 миллиард доллар, аны киши башына бөлүштүргөндө 14,2 миң доллардан туу­ра келет (Африка өлкөлөрүнүн ичинен эң жо­горку көрсөткүч); ИДПнин реалдуу өсүүсү 5,9% (2008). Адамзат өнүгүүсүнүн индекси 0,847 (дүй­нөдөгү 182 өлкөнүн ичинен 55-орунда). ИДПнин

Триполинин батыш тарабындагы жаратылыш газын суюлтуучу заводу.

структурасында ө. ж. менен курулушка 70,9%, тей­лөө чөйрөсүнө 27,4%, а. ч-на 1,7% туура келет (2008). Өлкөнүн экономикасында мамлекеттик сектор­дун мааниси зор. Л-нын энергетикасы өзүнүн уг­леводород сырьёсунун негизинде иштейт. Электр­энергетикасынын негизин табигый газ менен иш­теген ЖЭСтер түзөт. 2007-ж. 25,5 миллиард кВт-с электр энергиясы өндүрүлгөн. Нефтинин анык­талган запасы боюнча (41,5 миллиард баррель, же 6,6 миллиард Л43; дүйнөлүк запастын 3%тейи) Л. Аф­рикада Нигерия, Алжирден кийинки 3-орунду ээлейт. Л-нын нефтиси арзан өндүрүлгөндүгү жана сапаты боюнча өзгөчөлөнөт. 2007-ж. сутка­сына 1,85 миллион баррель (2,1 миллион м3ден ашык) нефть өндүрүлгөн; анын 80% ке жакыны экс­порттолот. Табигый күйүүчү газдын запасы 1,4 триллион м3 (2007); 2006-ж. 14,8 миллиард м3 өн­дүрүлүп, 6,4 миллиард м3 керектелген, 9,9 миллиард л«3 экспорттолгон. Газ суюлтуучу ишканалары бар. Негизги нефть продуктулары: отундук мазут, ке­росин, бензин, ошондой эле этилен, пропилен, мета­нол, аммиак, карбамид ж. б. Нефть ажыратуу­чу, нефть-химия, азоттук жер семирткич чыга­руучу заводдору иштейт. Металлургия комбинаты болот, брикеттелген темир, нефть, газ жана суу куурларын ж. б. чыгарат. Кабелдик, автомобиль жана трактор кураштыруу заводдору, металлды кайра иштетүүчү ө. ж. ишканалары иштейт. Текстиль, самын кайнатуу, кагаз, тамеки фабрика­лары ж. б. бар. Цемент, акиташ, гипс ж. б. ку­рулуш материалдарын, сал туз, табигый сода өндүрөт. Тамак-аш ө. ж., кол өнөрчүлүк өнүккөн.

А. ч. өлкөнүн азык-түлүккө болгон муктаж­дыгынын !/4ге жакынын канааттандырат. Өл­көнүн жеринин 1,22% и иштетилет (анын 1,03% и айдоо жер, 0,19% и көп жылдык өсүмдүктөр), 0,5% ке жакыны жайыт. Кайрак дыйканчылы- -гы басымдуулук кылат; сугат жеринин аянты 470 миң га (2003). Сугат жерлердин аянтын ке­ңейтүү, ошондой эле шаарларды суу менен камсыз кылуу максатында 1983-жылдан суу алып келүүчү «Улуу жасалма дарыя» курула баштады. Анда оазистерден жер астындагы сууну скважиналар аркылуу сордуруп алып, Ливия Сахарасына, өлкөнүн жээк тилкесине жеткирүү пландашты­рылган. Дыйканчылыктын негизги аймагы - Л-нын түндүк-батышындагы кууш жээк тилкеси. Негизги дан эгиндери - буудай жана арпа. Три­полиге чектеш аймактарда цитрус өсүмдүктөрү, курма пальмасы, алма, бадам, зайтун дарагы, жүзүм өстүрүлөт. Адистештирилген фермаларда жашылча (пияз, помидор ж. б.), картөшкө, бак­ча өсүмдүктөрү (дарбыз, коон), жер жаңгак ж. б., өлкөнүн чыгышындагы Барка-эль-Байда платосунда дан эгиндери, зайтун жана мөмө-же­миш дарактары өстүрүлөт. Сахаранын оазисте­ринде - курма пальмасы, буудай, арпа, ошондой эле таруу, жашылча, мөмө-жемиш өсүмдүктөрү айда­латынча Өлкөнүн түндүк-батышында кагаздын, цел­люлозанын, өрмө-сокмо буюмдардын мыкты сорттору даярдалуучу альфа чөбү жыйналат. Ички көчмөн жана жарым-жартылай көчмөн элдин негизги чарбачылыгы - мал чарбасы. Өл­көнүн түндүк бөлүгүндө дыйканчылык менен айка­лышкан жайыт мал чарбачылыгы (негизинен кой, эчки асыроо) сакталган. Ири шаарлардын тегерегинде мал чарба фермалары жана комплекс­тери иштейт. Жээк сууларынан балык кар­малат.

Тейлөө чөйрөсүнүн башкы тармактары - дүң жана чекене соода, мамлекеттик башкаруу, транспорт жана байланыш, саламаттык сактоо жана билим берүү. Триполиде Л-нын башкы банктарынын кеңселери жайгашкан. Туристтик бизнес жаңы гана өнүгө баштады. 2008-ж. чет элдик 760 миң турист келген.

Негизинен автомобиль транспорту пайдаланы­латынча Автомобиль жолунун жалпы уз. 30 миң км- дей. Өлкөнүн ири шаарларын байланыштырган негизги автомобиль магистралдары (Тунистин чек арасынан Египеттин чек арасына чейин) Жер

Ливия акчасы — ливия динары.

Ортолук деңизди жээктей кетет. Т. ж. жок; Триполиден Тунистин чек арасына чейин т. ж. курулууда. Куур транспортунун жалпы уз. 10 623 км (2008), анын ичинде нефть куурунуку 6987 км, газдыкы 2860 км. Деңиз транспорту негизинен сырткы соода жүктөрүн (көбүн чет өлкөлүк ке­мелер) ташыйт. Л-нын желеги менен 17 деңиз соо­да кемеси катталган. Негизги деңиз порттору: Эль-Бурайка, Рас-эль-Ануф, Триполи, Эз-Завия, Эз-Зуэйтина, Эс-Сидр. Өлкөдө 141 аэропорт иш­тейт; Триполи жана Бенгази ш-нда эл аралык аэропорттор бар.

Экспортко нефть жана нефть продуктулары, суюлтулган табигый газ, химикат, болот эритүү үчүн чала фабрикат, болот прокат чыгарат. Эк­спорттук негизги шериктери: Италия, Германия, АКШ, Испания, Франция. Сырттан негизинен ө. ж. жабдууларын, чала фабрикат, азык-түлүк, транспорт каражаттарын, керектөө товарларын (Италия, Германия, Кытай, Тунис, Франция, Түркия, АКШдан) сатып алат.

Маданияты.

Билим берүү системасы мектепке чейинки тарбиялоону милдеттүү 9-жылдык ба­залык жана жогорку билим берүүнү камтыйт жана акысыз. 15 жаштан жогорку калктын са­баттуулугу 89,8% (2012, ЮНЕСКОнун маалы­маты боюнча). ЗОдан ашык ири мамлекеттик ЖОЖдору, Улуттук китепканалары (1973), улуттук архи­ви (1928), музейлери, илимий мекемелери иштейт. Араб тилинде чыгуучу «Аль-Жумхурия», «Аз­Захф аль-Ахдар» ж. б. гезит-журналдары бар. Радиоуктуруусу (1957-жылдан), телекөрсөтүүсү (1968-жылдан) иштейт. Мамлекеттик Жамахирия маа­лымат агенттиги (1964) бар.

7-8-к-дын башында Л-нын аймагында адабият жалпы араб маданиятынын нугунда өнүккөн. 17- 18-к-да байыркы араб поэзиясынын салтын ээр­чиген Омар бен аль-Фарид, Ахмед аль-Бахлю­ли сыяктуу акындар чыккан. Коомдук пробле­малар, жөнөкөй элдин турмушу Али Сидки Абд аль-Кадыр, Ахмед фуад Шинниб, Али ар-Рукейн ж. б. акындардын ырларында чагылдырылган. Л-да 40-50-жылдары пайда болгон проза жан­рынын негизги темасы көз каранды эместик, со­циалдык теңдик үчүн күрөш болгон. Мустафа аль-Мисуратин, Абу Харрус, Ришад аль-Хунин, Мухамед Афифа ж. б. прозаиктердин новелла­ларынын каармандары - бедуиндер, балыкчы­лар, феллахтар менен майда, кол өнөрчүлөр бол­гон. Египет жазуучуларынын, айрыкча Тахи Ху­сейндин жана Тауфик аль-Хакимдин чыгармачылыгы прозага күчтүү таасир берген. 60-70-жылдардын башында адабиятка Жума аль-Фарани, Ахмед ан­Нуэйри, Фуазия Бариюун жана Абдель Хафез аль­Майар сыяктуу прозаиктер жана акындар келет. 21-к-дын башында И. аль-Кунинин чыгармачылыгы («Код» романы, 1999, ж. б.) дүйнөгө белгилүү болгон.

Л-нын аймагында неолит доорунан аска таш­тарга чегилген сүрөттөр пилдерге, бизондорго

Триполидеги «Аль­Фатех» мунарасы. 2003-ж.

ж. б. жаныбарларга мергенчиликти чагылдыр­ган сүрөттөр, финикия искусствосунун эстеликтери сакталып калган. Байыркы гректердин, римдик­тердин, византиялыктардын ар түрдүү курулуш­тары бар. Италия үстөмдүгү мезгилинде (1912- 43) европалык кварталдар пайда болгон.

Театры.

Л-да биринчи театр египет жана европалык театр искусствосунун таасиринде өнүккөн. Көз ка­ранды эместик жарыялангандан кийин (1951) бир нече өз алдынча жана профессионал коллек­тивдер пайда болгон: Мухтар Рамадан аль-Ас­ваданын улуттук музыкалык-драмалык труппасы, Аб­дель Хамид аль-Мижрабдын «Аль-Амаль» теат­ры (экөө тең Триполиде). 1963-ж. Триполиде пайда болгон элдик бийдин ливиялык улуттук труппасынын мүчөлөрү элдик салтты кайра жа­ратууну жана жаңыртууну көздөшкөн. Л-да бир нече элдик музыкалык-бий ансамблдери иштейт: Бен­газиде (1968-жылдан), Дернада (1969-жылдан), Мисратада (1970-жылдан) иштейт.

Ад.: Путинцева Т. А. Тысяча и один год арабского театра. М., 1977; Асадуллин Ф. А. Очерк истории ли­вийской литературы: Х1Х-ХХ вв. М., 1993; Егорин А. 3. Истории Ливии, XX век. М., 1999; ЕгоринА. 3., Миронова Г. В. Сенуситы в истории Ливии. М., 2006; Ливия//Болыпая Российская энциклопедия. Т. 17. М., 2010.