ЛЙВИНГСТОН: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
15 октябрь 2026, саат 10:17 учурдагы соңку нуска
ЛЙВИНГСТОН Давид (19. 3. 1813, Шотландия, Ланарк графтыгы, Блантайр - 1. 5. 1873, Замбия, Читамбо кыш.) - англ. саякатчы жана миссионер.

Алгач 1841-ж. Түштүк Африкага бир нече жолу саякат жасап, Нгами көлүн (1849) жана Замбези д-н ачкан. 1852-ж. Кейптаундан Борбордук Африканын батышына (1852-56) улуу саякатын жасап, Виктория шаркыратмасын тапкан. 1855-ж. Улуу Британияга кайткан. Атлантика океанынан Инди океанына барыш үчүн алгачкылардан болуп Түштүк Африканы кесип өткөн. Чыгыш Африка зонасындагы жаракага биринчи илимий изилдөө жүргүзгөн. Түштүк Африканын этнографиясына зор салым кошкондордун бири. Замбези, Окаванго, Луалаба д-нын алаптарын, Ньяса, Ширва, Бангвеулу, Танганьика (батыш жээгин) көлдөрүн изилдеген. 1866-ж. акыркы жолу Африкага келип, Нилдин башатын изилдеген экспедицияны жетектеген. Англияда Л-дун тирүү же өлүү экенин 5 жылга жакын билишкен эмес. Аны 1871-ж. саякатчы Генри Стэнли Танганьика көлүнүн батыш жээгиндеги Ужижи посёлкасынан тапкан. Катуу ооруп жаткандыктан, Европага кайтуудан баш тарткан. Дүйнөдөн кайткандан кийин Л-дун сөөгү мекенине алынып келинип, Вестминстер аббатчылыгына коюлган. Анын атынан Замбезидеги шаар, шаркыратма, Конго д-ндагы босого, Чыгыш Африкадагы тоо аталган.
Ад.: Вотте Ю. Д. Ливингстон. М., 1984.