ЛИВИНГСТОН: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
15 октябрь 2026, саат 10:45 учурдагы нуска
ЛИВИНГСТОН - Замбиянын түштүгүндөгү шаар. Түштүк провинциясынын администрациялык борбору. Замбези д-нын боюнда, Виктория шаркыратмасынан 11 км аралыкта жайгашкан. Калкы 133,8 миң (2010). Ири жол тоому. Эл аралык аэропорту бар. 1905-ж. негизделген. Шаардын тарыхый бөлүгүндө колониялык мезгилдин курулуштары (20-к-дын 1-жарымы) сакталган. Машина куруу (автомобиль, трактор ж. б. техникаларды кураштыруу), жыгаччылык, женил, тамак-аш, тамеки ө. ж. ишканалары иштейт. Л-дун аймагына (Замбези д-на) ГЭС курулган. Педагогикалык коллеж, улуттук музей (1934; археол., этногр., тарых, африкалык искусство, Д. Ливингстондун өздүк буюмдары), Марамба маданий борбору (ачык асман алдындагы этногр. музей) бар. Л.- туризмдин борбору. Шаарга жакын жерде Моси-оа-Тунья улуттук паркы жана Виктория шаркыратмасынын (туристтик комплекс уюштурулган) бир бөлүгү Буткул дуйнөлук мурастын тизмесине киргизилген. Шаар саякатчы Д. Ливичгстондун урматына аталган.