ЛИВАДИЯ КЕЛИШИМИ (1879): нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
15 октябрь 2026, саат 10:45 учурдагы нуска
ЛИВАДИЯ КЕЛИШИМИ (1879) - Иле аймагынын статусу тууралуу Россия менен Кытайдын ортосундагы ратификацияланбай калган келишим (к. Дунгандардын көтөрүлүшү, Дунган, калмак жана уйгур жер которуулары). Л. к-не 1879-ж. 20-сентябрда Крымдагы Ливадия шаарчасында орус өкмөтүнүн тышкы иштер министри Н. К. Гирс менен Цинь өкмөтүнүн элчиси Чун Хоу кол койгон. Ал боюнча жалпы аянты 1302,36 чарчы милъ келген Иле аймагын (390,7 чарчы милъ аянтты камтыган Текес суусунун батышы менен Музарт ашуусунан тышкары) кайрадан Цинь империясынын кол алдына өткөрүп берүү макулдашылып, орус-кытай чек арасы Хоргос өзөнү, Ак-Бурташ тоосу аркылуу чектелген. Иртыш д-нын башы, Кашкар жана мурунку Кокон хандыгынын ортосундагы чек ара линиялары (азыркы Кыргызстандын аймагы) такталып, Россия Кулжа менен Чугучактан (Чөйчөк) тышкары Кашкар, Урга, Цзя Юй-гуань (Сучжоу), Кобдо, Улясутай, Хами (Комул), Турпан, Үрүмчү жана Гучан ш-нда консулдук ачууга укук алган. 0. эле кеткен чыгымдар үчүн Цинь өкмөтү Россияга 5 миллион сом төлөп берүүгө макул болгон. Атайын комиссия түзүлүп, чечим чыккандан кийин эки ай убакыт аралыгында Иле аймагын Кытайга толук өткөрүп берүү каралган. Бирок Цинь императору Л. к-не канааттанбагандыктан (к. Петербург келишими), Чун Хоуну өлүм жазасына тартууга буйрук берилген.
Ад.: Русско-китайские отношения 1689-1916. Официальные документы. М., 1958; Моисеев В.А. Россия и Китай в Центральной Азии (вторая половина XIX В.-1917 г.). Барнаул, 2003.