ЛИБРЕТТО: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
15 октябрь 2026, саат 10:45 учурдагы нуска
ЛИБРЕТТО (италиялык ИЬгеИо, сөзмө-сөз - китепче) -1)көркөм адабиятта сахна үчүн жазылган опералык чыгармалардын көркөм тексти. Л. адатта ыр түрүндө жазылат. Кыргыздын «Алтын кыз» (Ж. Бөкөнбаев), «Ажал ордуна» (Ж. Турусбеков), «Токтогул» (Ж. Бөкөнбаев, К. Маликов), «Айчүрөк» (Ж. Бөкөнбаев, К. Маликов, Ж. Турусбеков) операларынын Л-сун профессионал акындар жазышкан; 2) м у з ы к ад а музыкалык-драманын (опера, оперетта, кантата, оратория, кыска балет баяндамасы Л. деп аталган) диалогдуу көркөм тексти; 3) балеттин адабий сценарийи; 4) операнын, опереттанын, балеттин, драманын, кинонун кыскача сюжетин баяндаган өзүнчө китепче, баракча, театрдык программа. 17-к-дын акырынан операнын Л-су көрүүчүлөргө китепче катары чыгарылып турган. 18-к-дын ортосуна чейин Л-нун композициясы типтүү схема боюнча жазылса, 19-к-дан адабий-драматургияга шыгы бар, көрүнүктүү композиторлор операларына өздөрү Л. жаза башташкан (Г. Берлиоз, М. П. Мусоргский, С. С. Прокофьев ж. б.) Кээде балеттик (мисалы, «Чолпон» балети) чыгармалардын тексттерин да Л. деп аташат.