ЛИБРЕВИЛЬ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
15 октябрь 2026, саат 10:17 учурдагы соңку нуска
ЛИБРЕВИЛЬ - Габондун борбору. Атлантика океанындагы порт шаар. Эстуарий провинциясынын администрациялык борбору. Өлкөнүн батыш бөлүгүндө, Гвинея булуңунун жээгиндеги түздүктө жайгашкан. Калкы 753,6 миң (2010; өлкөнүн калкы-
нын 40% и). Габондогу калк эң жыш жайгашкан шаар. Эл аралык аэропорту бар. Л. 1849-ж. негизделген. 1886-жылдан Габондун курамындагы Франция ээлигине, 1910-58-ж. Франция Экватордук Африкасына караган. Габон көз карансыздык алган 1960-жылдан өлкөнүн борбор шаары. Тамак-аш (кофе, какао иштетилип, пиво кайнатылат), текстиль, жыгаччылык ө. ж. ишканалары.жана кеме верфи иштейт. Университет, Ыйык Мишель, Ыйык Мария чиркөөлөрү, музейлер ж. б. бар. Шаарга жакын белгилүү улуттук парк Лопе жайгашкан.
