ЛИБИХ ЗАКОНУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

15 октябрь 2026, саат 10:45 учурдагы нуска

ЛИБИХ ЗАКОНУ, минимум эрежеси­организмдердин таралуусунда жана сандык өнү­гүүсүндө экол. факторлордун ролун аныктоочу закондордун бири. 1840-ж. немис химиги Юс­тус Либих түзгөн. Л. з. боюнча организмдин жа­шоосу экол. фактордун минималдуу көрсөткү­чүнө көз каранды. Өзүнүн жашоо-турмушунда организмдер түрдүү чектөөлөргө кезигет, мисалы, бугунун чектелген таралуусу кар катмарынын калыңдыгы, күздүк мыкый үкү көпөлөгүнүкү (жашылча жана дан зыянкечи) - кышкы темп­ра. Маданий өсүмдүктөрдүн түшүмдүүлүгү топу­рактагы эң аз керектүү затка (минералдык эле­ментке) байланыштуу. Мисалы, топуракта зарыл нормадагы фосфордун 20% и, кальцийдин 50% и болсо, чектөөчү фактор болуп фосфордун жетиш­сиздиги эсептелет, бул учурда фосфору бар жер семирткич керек. Кийинчерээк немис окумуш­туусу Э. Митчерлих климаттык факторлордун биргелешкен аракеттеринин эрежесин түзгөн.

Ад.: Либих Ю. И. Химия в приложении к земледе­лию и физиологии. М.; Л., 1936.