ЛЕССИНГ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol5_>KadyrM No edit summary |
||
| 1-сап: | 1-сап: | ||
<p><strong data-text-type="type_1_article_title">ЛЕССИНГ </strong>( | <p><strong data-text-type="type_1_article_title">ЛЕССИНГ </strong>(Ьезз1п§) Готхольд Эфраим (22. 1. 1729, Саксония Каменц - 15. 2. 1781, Врауншвейг) - немис драматургу, <abbr data-short="иск-во" data-full="искусство" data-extended="true">искусство</abbr> теоретиги, Агартуу доорундагы адабий сынчы, немис классикалык <abbr data-short="ад-т" data-full="адабият" data-extended="true">адабият</abbr>ын негиздөөчү. Билимди Лейпциг (1746-48), Виттенберг (1748) <abbr data-short="ун-т" data-full="университет" data-extended="true">университет</abbr>теринен алган. Германияда феодализмди жоюп, өлкөнү саясий жактан бириктирип, демокр. улут <abbr data-short="мад-т" data-full="маданият" data-extended="true">маданият</abbr>ын түзүү үчүн күрөшкөн. Демокр. улуттук <abbr data-short="мад-т" data-full="маданият" data-extended="true">маданият</abbr> үчүн күрөштү Германияны саясий жактан жаңылоонун каражаты деп эсептеп, биринчи «мещандык» немис драмасы «Мисс Сара Сампсон» (1755) <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> агартуучул «Минна фон Барнхельм» (1767) комедиясын жараткан. Реалисттик <abbr data-short="иск-во" data-full="искусство" data-extended="true">искусство</abbr> <abbr data-short="ж-дө" data-full="жөнүндө" data-extended="true">жөнүндө</abbr>гү <abbr data-short="теор." data-full="теориялык" data-extended="true">теориялык</abbr> көз караштарын «Лаокоон же живопись менен поэзиянын чеги жөнүндө» (1759-65), «Гамбург драматургиясы» (1767-69) деген эмгектеринде баяндаган. «Эмилия Галотти» (1772) трагедиясында феод. зомбулукту айыптап, «Акылман Натан» (1779) драмасында диний ишенимди урматтоону <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> гумандуулукту жактайт. Агартуу реализминин эстетикалык принциптерин <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> Германиядагы <abbr data-short="филос." data-full="философиялык" data-extended="true">философиялык</abbr> материалисттик салттарды кубаттаган. Л-дин өзүнөн кийинки немис <abbr data-short="ад-т" data-full="адабият" data-extended="true">адабият</abbr>ына тийгизген таасири зор.</p> | ||
[[Category:5-том,_50-100_бб]] | [[Category:5-том,_50-100_бб]] | ||
15 октябрь 2026, саат 10:45 учурдагы нуска
ЛЕССИНГ (Ьезз1п§) Готхольд Эфраим (22. 1. 1729, Саксония Каменц - 15. 2. 1781, Врауншвейг) - немис драматургу, искусство теоретиги, Агартуу доорундагы адабий сынчы, немис классикалык адабиятын негиздөөчү. Билимди Лейпциг (1746-48), Виттенберг (1748) университеттеринен алган. Германияда феодализмди жоюп, өлкөнү саясий жактан бириктирип, демокр. улут маданиятын түзүү үчүн күрөшкөн. Демокр. улуттук маданият үчүн күрөштү Германияны саясий жактан жаңылоонун каражаты деп эсептеп, биринчи «мещандык» немис драмасы «Мисс Сара Сампсон» (1755) жана агартуучул «Минна фон Барнхельм» (1767) комедиясын жараткан. Реалисттик искусство жөнүндөгү теориялык көз караштарын «Лаокоон же живопись менен поэзиянын чеги жөнүндө» (1759-65), «Гамбург драматургиясы» (1767-69) деген эмгектеринде баяндаган. «Эмилия Галотти» (1772) трагедиясында феод. зомбулукту айыптап, «Акылман Натан» (1779) драмасында диний ишенимди урматтоону жана гумандуулукту жактайт. Агартуу реализминин эстетикалык принциптерин жана Германиядагы философиялык материалисттик салттарды кубаттаган. Л-дин өзүнөн кийинки немис адабиятына тийгизген таасири зор.