ЛЕСКОВ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
15 октябрь 2026, саат 10:45 учурдагы нуска
ЛЕСКОВ Николай Семёнович [4(16). 2. 1831, азыркы Орёл обл., Горохов кыш. - 21. 2(5. 3). 1895, Санкт-Петербург] - орус жазуучусу. Орёл гимназиясында окуган. Жазуучулук ишин макала жана фельетон жазуудан баштаган. Алгачкы реалисттик аңгеме, повесттери: «Унутулган иш» (1862), «Бир катындын турмушу» (1863), «Мцен уездиндегц Макбет айым» (1865). 20- к-дын 60-жылдары Л. революциячыл демократия менен таймашып, чыгармаларында «жаңы адамга» каршы чыккан. 70-жылдары Л. орус патриотторунун типтерин («Собордогулар», 1872; «Жүрөктөгү периште», 1873; «Кудайы момун Голован», 1880) жараткан. Ал - «Майышпас эрк» (1876), «Тулалык Сологой жана болот бүргө тууралуу санжыра» (1883), «Сүрөтчү чачтарач» (1883) ж. б. чыгармалардын автору. Л. адабий жана элдик тилди ширелиштирип, баяндоо ыкмасына жандуу касиет кийирген.
Чыг.: Полн. собр. соч.: В 30 т. М., 1996-2007. - Т. 1-10.
АцЛесков и русская литература. М., 1988.