«ЛЕНФЙЛЬМ»: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
15 октябрь 2026, саат 10:45 учурдагы нуска
«ЛЕНФЙЛЬМ» - РФтеги эн эски киностудия. 1918-ж. Петроградда уюшулган. Аты бир нече ирет өзгөрүп, 1934-жылдан «Л.» аталат. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында «Л.» коллективинин негизги бөлүгү Алматыдагы бириккен борбордук киностудиянын курамына кирген. Алгач үндүү «Жалгыз аял» (1931), түстүү «Мусоргский» (1950), кең экрандуу «Дон Кихот» (1957) фильмдерин чыгарган. Белгилүү фильмдери: «Чапаев» (1934), «Балтика депутаты» (1937), «Пётр Биринчи» (1937-39), «Мылтыкчан киши» (1938), «Өкмөт мүчөсү» (1940), «Гамлет» (1964), «Король Лир» (1971) «Тоңкулдактын башы оорубайт» (1975), ж. б. Мында советтик кино искусствосунун өнүгүшүнө салым кошкон режиссёрлор: Г. Н. жана С. Д. Василъевдер, С. А. Герасимов, А. Г. Зархи, Г. М. Козинцев, С. И. Юткевич ж. б.; операторлор: С. А. Беляев, А. Н. Москвин; сүрөтчүлөр: Е. Е. Еней, Н. Г. Суворов; сценаристтер: Б. Л. Леонидов, К. Н. Виноградская, Л. Н. Рахманов; сынчы Анын Ичинде Пиотровский ж. б. эмгектенишкен. «Л-де» 1974-жылдан Д. Асанова иштеген. «Л.» «Кыргызфильм» студиясы менен бирге «Чолпон» (1960), «Эрте жаздагы турналар» (1978) фильмдерин койгон. Студия 1935-ж. Ленин ордени менен сыйланган.