ЛЁНИН —: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
15 октябрь 2026, саат 10:45 учурдагы нуска
ЛЁНИН — Жалал-Абад обл-нун Сузак р-нундагы кыштак. Ленин атындагы айыл аймагынын борбору. Көгарт суусунун сол өйүзүндө, деңиз деңгээлинен 905 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Сузак кыш-нан 30 км түндүк-чыгыш тарапта. Багыш т. ж. бекетинен 10 км. Кыштак 1951-ж. негизделген. Калкы 2213 (2009); негизинен жүзүмчүлүктө жана дыйкан чарбаларында эмгектенет. Лицей, орто мектеп, кйтепкана, маданият үйү, бала бакча, байланыш бөлүмү, эс алуу паркы бар. Шарап заводу, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, тамактануу жана соода жайлары, чайкана, тегирмен, май сыгуучу цехтер ж. б.
иштейт. Мурда кант заводу иштегендиктен, бул айыл «Кант заводу» деп да аталат.