ЛЕНА: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
15 октябрь 2026, саат 10:17 учурдагы соңку нуска
ЛЕНА (якутча Улахан-Юрях - чоң дайра) - Чыгыш Сибирдеги дарыя, Иркут обл. менен Саха Респнын аймагында. Уз. 4400 км, алабынын аянты 2490 мин кл42. Байкал кырка тоосунан башталып, Лаптевдер денизине куярда чон дельтаны (аянты 30 миң юи2дей) пайда кылат. Жогорку агымында (Витимдин чатына чейин) кууш өрөөн аркылуу агып, төмөнкү агымында 30 клгге чейин кеңеет. Жээги Якутск ш-на чейин бийик, -аскалуу; андан төмөн ойдундуу. Негизги куймалары: Нюя, Вилюй (сол), Киренга, Витим, Олёкма, Алдан (оң). Л. негизинен кар (жылдык агымынын 50% и) жана жамгыр сууларынан куралат; кыртыш сууларына 1-2% туура келет. Суусунун деңгээли ортонку агымында 10-15 жге, төмөнкү агымында 18 мте көтөрүлөт. Л. суусунун молдуулугу боюнча КМШнын аймагында Енисейден кийинки 2-дарыя. Орт. чыгымы 17 000 м?/сек, эң көбү 200 000 м3/сек, эң азы 366 м?/сек. Жазында кирип, жайында жаан-чачындан ташкындайт. Жылына деңизге 12 миллион тта жакын шиленди агызып келет. Жогорку агымы октябрдын аягынан майдын ортосуна, төмөнкү агымы октябрдан июндун башына чейин тоңуп, муз эригенде үйөр пайда кылат. Л-нын куймаларына Вилюй, Мамакан ГЕСтери курулган. Алабы кен байлыкка бай: алтын (Витим, Алдандын алаптарында), алмаз (Вилюй), ошондой эле көмүр (Лена, Түштүк Якут бассейндери), газ, темир, слюда, туз ж. б. Качуг шаарчасынан чатына чейин (4125 км аралыкка) кеме жүрөт. Навигация жогорку агымында 160 суткага, төмөнкү агымында 120 суткага созулат. Жайында эң кооз жерлерине туристтик рейстер уюштурулат. Дельтасында Усть-Лена коругу бар. Балык (муксун, Сибирь ряпушкасы, нельма, омуль, хариус ж. б.) кармалат. Л-нын суусун булгаган негизги заттар - нефть продуктулары, фенол, темир, жез, цинк. Негизги порттору жана пристандары (башатынан чатын карай): Качуг, Жигалово, Уст-Кут, Марково, Киренск, Витим, Пеледуй, Ленск, Олёкминск, Покровск, Якутск, Нижний Бестях, Сангар, Жиганск, Быковский.
Ад.: Муранов А. П. Величайшие реки мира. Л., 1968; Мостахов С. Река Лена. Якутск, 1972; Водные пути бассейна Лены. М., 1995. Э. Султаналиев.