ЛИТВА: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
15 октябрь 2026, саат 10:09 учурдагы нуска
ЛИТВА, Литва РеспубликасыЧыгыш Европадагы мамлекет. Түндүгүнөн Латвия, чыгышынан жана түштүгүнөн Беларуссия, түштүк-батышынан Полыпа жана Россия (Калининград обл.) менен чектешет. Батышынан Балтика деңизи жана анын Курши булуңу менен чулганат.

Аянты 65,3 миң км2. Калкы 3,3 миллион (2010). Борбору - Вильнюс. Расмий тили - литва тили. Акча бирдиги - лит. Администрациялык-аймактык жактан 10 уездге бөлүнөт (к. таблицаны).
БУУнун (1991), Европа коопсуздугу жана кызматташтыгы уюмунун (1991), ЭВФтин (1992), Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (1992), Балтика деңизи өлкөлөрү кеңешинин (1992), Европа советинин (1993), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (2003), Европа союзунун (2004), НАТОнун (2004) мүчөсү.
<thead></thead><tbody></tbody>Уезддери | Аянты, миң км2 | Калкы, миң | Администрациялык борборлору |
|---|---|---|---|
Алитус | 5,4 | 173,4 | Алитус |
Вильнюс | 9,7 | 850,3 | Вильнюс |
Каунас | 8,1 | 666,3 | Каунас |
Клайпеда | 5,2 | 376,5 | Клайпеда |
Мариямполе | 4,5 | 178,4 | Мариямполе |
Паневежис | 7,9 | 278,4 | Паневежис |
Таураге | 4,4 | 124,8 | Таураге |
Тельшяй | 4,4 | 171,1 | Тельшяй |
Утена | 7,2 | 168,1 | Утена |
Шяуляй | 8,5 | 341,7 | Шяуляй |
Мамлекеттик түзүлүшү. Л.- унитардык мамлекет. 1992-ж. 25-октябрда Конституциясы кабыл алынган. Башкаруу формасы - парламенттик респ.Мамлекет башчысы - президент, 5 жылга шайланат. Л. парламенти — бир палаталуу Сейм. Аткаруу бийлигинин жогорку органы - өкмөт. Л-да көп партиялуу саясий система орун алган. Негизги партиялары: Мекен союзу - Л. христиан демократтары, Л. социал-демокр. партиясы, Л. либералдар кыймылы, Эмгек партиясы, Христиан партиясы, Л. дыйкан-народниктер уюму, «Жаңы союз», Литва орустарынын уюму, «Орус альянсы» ж. б.
Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2010)
Табияты. Жээк сызыгынын уз. 100 кждей. Жээги негизинен жапыз, кумдуу пляждар, кум дөбөлөр мүнөздүү. Тайыз, өтө тузсузданган Курши булуңу деңизден Курши саяңы аркылуу бөлүнгөн. Л-нын рельефине түздүктөрдүн дөбөдөңсөөлөр менен айкалышып жатышы мүнөздүү, бардык жеринде рельефтин мөңгүнүн аракетинен пайда болгон формалары кездешет. Батыштан чыгышты карай дөбөлүү дөңсөөлөр (Жямайта дөңсөөсү, Балтика жалдары, бийикт. 292 лгге чейин) созулуп жатат. Л-нын аймагы байыркы Чыгыш Европа платформасынын Орус плитасынын чет жакасында жайгашкан. Нефть, чым көң, доломит, цементтик акиташ теги, чопо, кыш жана керамзит үчүн чопо, айнек жана курулуш куму, бор, гипс, ангидрит, акак (янтарь), жер алдындагы минералдуу суу кендери бар.
Л. деңиздиктен континенттикке өтмө климаттуу аймакта жайгашкан. Январдын орт. темпрасы батышында -3°Стан, чыгышында -6°Ска чейин, июлдуку 17,2°С. Жылдык жаан-чачыны 630 мм. Вегетация мезгилинин узактыгы 169- 202 күн. Дарыялары жыш (бардыгы 750 дарыя), Балтика деңизинин алабына кирет. Эң ири дарыялары: Нямунас (Неман) жана анын
куймалары - Мяркис (Меркис), Нярис (Вилия), Нявежис (Невежис), Дубиса, Миния, Шяшупе. Немандын куймаларынан башка ири дарыялары: Вянта (Вента; Балтиканын алабы), Муша (Лиелупенин алабы). Дарыялары кар, жамгыр жана жер астындагы суулардан куралат; кышында орто эсеп менен 3 ай тонот. Неман д-нда Каунас суу сактагычы курулган. Л-да 3 миңге жакын көл бар, алар негизинен муздуктун аракетинен пайда болгон. Эң ири көлү - Дрисвяты (Друкшяй), аянты 44,5 клг2, эң терең көлү - Таурагиас (тереңдиги 60,5 лгге чейин). Ар бир адамдын суу менен жылдык камсыз болуусу 6724 лг3.
Чым көндүү күл топурагы басымдуу, ошондой эле чым көндүү глей, күл-саз топурактары да өөрчүгөн. Эн күрдүү чым көң карбонаттуу топурак өлкөнүн түндүк жана борбордук бөлүктөрүндө, Шяшупе д-нын алабында таралган. Ири дарыяларынын (Нямунас ж. б.) өрөөндөрүнө аллювий топурактары мүнөздүү. Л-нын аймагы ийне-жазы жалбырактуу токой зонасында жайгашкан. Токой каптоосу 33,5% . Токоюнун 50%тен ашыгы өлкөнүн түштүк-чыгыш тарабында. Жазы жалбырак-
туу токой негизинен өлкөнүн ортонку бөлүгүндө. Л-нын аймагынын 17% ке жакынын шалбаа жана жайыт, 7%ин саз ээлейт.
Өлкөнүн экол. абалы жалпысынан канааттандырарлык. Европанын геохим. атласынын маалыматы боюнча Л-да эң таза топурак кыртышы таралган. Табиятты булгоочу негизги булактары - Электренай ш-ндагы Литва мамлекеттик райондук электр станциясы, Мяжейкяй ш-ндагы нефть ажыратуучу завод, башка шаарлардагы жер семирткич чыгаруучу ишканалар, Балтика де-
ңизинин жээгиндеги нефть терминалы ж. б. Өзгөчө коргоого алынган табигый аймак Л-нын аянтынын 11,5%ин ээлеп, 6 улуттук парк, 3 корук, 30 региондук парктан турат. Курши саяны Буткул дуйнөлук мурастын тизмесине киргенетикалык 386 табият объектиси (булактар, рельефтин уникалдуу формалары ж. б.) коргоого алынган.
Калкы. Л-нын калкынын басымдуу бөлүгү (83,4% и) - литвалыктар. 0. эле поляк (6,7%), орус (6,3%; 2001-ж. 9,4% болгон), беларусь (1,2%), украин, латыш, немис, еврей, татар ж. б. улут өкүлдөрү жашайт. Калкынын 79% и католиктер, 4,8% и православныйлар. Төрөлүү 1000 адамга 10,5 бала, өлүм-житим 1000 тургунга 13,1 адам (2008). Адам өмүрүнүн күтүлгөн орт. узактыгы 71,9 жаш (эркектердики 66,3, аялдардыкы 77,6 жаш). Калктын орт. жыштыгы: 1 км2 жерге 51,3 адам туура келет. Вильнюс ш-нда жана анын тегерегинде, ошондой эле Каунас, Клайпеда уезддеринде калк жыш отурукташкан. Шаар калкы 66,9% (2009). Ири шаарлары: Вильнюс, Каунас, Клайпеда, Шяуляй, Паневежис, Алитус.
Тарыхы. Л. айматындагы археол. эстеликтер таш дооруна таандык (биздин заманга чейинки 11-10-миң жылдык). Калк уруулук түзүлүштө жашап, аңчылык, балыкчылык менен оокат кылып, таш, сөөк куралдарды пайдаланышкан. Биздин заманга чейинки 2-миң жылдыкта мал чарба, дыйканчылык менен кесиптенген балтика урууларынын ата-бабалары Л. аймагына отурукташкан. Биздин замандын башында уруу жамааты бузулуп, 5-6-к-да уруулук байланыш аймактык байланыш менен алмашылган, мүлк теңсиздиги жана жеке менчик пайда болгон. 12- к-дын аягында Л-да алгачкы княздыктар (Лиетува, Делтува, Дайнава, Судува, Скалва, Нальшя, Каршува, Упите ж. б.) пайда болуп, кошуна аймактарга кол салып турушкан. 13-к-дын башында Лиетува, Налыпя, Дельтува, Нярис, Жемайтия ж. б. аймактар камтылган жалпы литвалык конфедерациянын түзүлүшү бирдиктүү мамлекеттик бийликтин калыптанышына түрткү болгон. 13-к-дын аягынан 14-к-дын аягына чейинки мезгилде Л. мамлекети орус жерлерин каратып, өз аймактарын кеңейтүү менен Л. улуу княздыгы (ЛУК) орногон. Ушул учурда немис рыцарларынын Л. жерин басып алуу жортуулу башталып, алар менен күрөш 200 жылдан ашык убакытка созулган (к. Ливон ордени, Тевтон ордени). 1387-ж. Л. католик динин кабыл алган. 1410-ж. 15-июлда Грюнвалъд салгылашында (1410) Л. менен Полыпанын бириккен күчү Тевтон орденин талкалаган. 1569-ж. Люблин униясы түзүлүп, натыйжада Л. менен Полыпанын бирдиктүү мамлекети - Речь Посполита пайда болгон. 15-к-дын ортосунда Улуу князь совети Пандар радасына айланган. 16-к-дын башында Пандар радасы менен Сейм мамлекеттин башкы орга-

ны болгон. 17-к-да Л. Польша-Швеция согушуна жана Россияга каршы поляк интервенциясына катышкан. 1795-ж. Речь Посполита үчүнчү жолу (бугачейин 1772-, 1793-ж. Россия, Пруссия, Австрия тарабынан бөлүнгөн) бөлүнүп, мамлекет катары жашоосун токтотушуна байланыштуу Л. Россияга кошулуп, алгач Виленск, кийин Литва губерниясы (1796) түзүлгөн. 1801-ж. император Александр 1нин указы менен Литва губерниясы Литва-Виленск (1840-жылдан Виленск) жана Гродненск губернияларына бөлүнгөн. 1812-ж. июнда Наполеон I Л. губернияларын басып алып, Литва княздыгын (курамына Виленск, Гродненск, Минск губерниялары жана Белосток обл. кирген) түзгөн. 1812-ж. декабрда Литва княздыгын орус аскерлери басып алган. 1831-ж. мартта Л-да орус бийлигине каршы көтөрүлүш башталып, бирок ийгиликсиз аяктаган. 19-к-дын аягы - 20-к-дын башында Л-нын коомдук-саясий абалы өзгөрүлө баштаган. 1887-ж. Л-да алгачкы социал-демокр. кружок, 1896-ж. Л. жумушчулар союзу жана Л. социал-демокр. партиясы (ЛСДП), 1905-ж. Л. дыйкандар союзу ж. б. түзүлгөн.
Биринчи дүйнөлүк согуш (1914-18) мезгилинде Л. аймагы согуш майданына айланган. Германиялык армия азыркы Л. аймагын басып алып, Л. аскердик башкармалыгын түзүп, бардык бийликти колуна алган. Л-дан 300 миңге жакын адам Россиянын ички губернияларына, Украинага жана Беларуссияга качкан. Гермаииянын согушта жеңилиши Л-нын революциялык күрөшүнүн жогорулашына өбөлгө болгон. 1918-ж. 8-декабрда В. Мицкявичюс-Капсукас жетектеген Убактылуу революциячыл жумушчу-дыйкан өкмөтү түзүлүп, 16-декабрда Литва Советтик Респ. жарыяланган. 22-декабрда РСФСР өкмөтү Л-нын көз карандысыздыгын тааныгандыгын билдиргенетикалык 1919-ж. январдын ортосунда Литва-Беларус ССРи (Литбел) түзүлүп, Минск менен Беларуссиянын батыш бөлүгүн Кызыл Армия көзөмөлдөгөн. Бул жаңы түзүлүш Россия менен Польшанын ортосунда буфердик кызмат өтөгөн.
1919-ж. апрелде Советтик Л-га Германия менен Полыпа интервенция баштаган. Л. Кызыл Армиясынын баатырдык менен салгылашуусуна карабастан, 25-августта поляк жана немис аскерлери Л-нын бардык аймактарын ээлеп, өз бийликтерин орноткон. Версаль тынчтык келишиминде (1919) Л-нын чек арасы белгиленбей, Л. үчүн Германия менен Полыпанын ортосунда кагылышуулар улана берген. 11-сентябрда РСФСР өкмөтү Л-га тынчтык келишим түзүү жөнүндө сунуш кылган. Келишим (1920-ж. 12-июль) боюнча Советтик Россия Л-нын көз каранды эместигин тааныган, бирок Кызыл Армия анын аймагын Полыпага каршы жортуулдарды жасоого колдонгон. 1920-ж. апрелде Учредителдик сеймге шайлоолор жүрүп, христиан демократтардын оңчул центристтик блогу жана ляудининктердин солчул центристтик партиясы көпчүлүк добушка ээ болгон. 1920-ж. 15-майда Каунаста сейм өткөрүлүп, анын төрагалыгына А. Стульгинскис (1922-жылдан президент), өкмөт башчысына К. Гринюс дайындалган. 1922-ж. 1-августтагы кабыл алынган конституция Л-ны парламенттик респ. деп жарыялап, жер реформасы жөнүндө мыйзам кабыл алынган. Улуттук валютасы - лит киргизилгенетикалык 1926-ж. 17-декабрда Л-да мамлекеттик төңкөрүш болуп, фашисттик диктатура орногон. А. Сметона президенттикке, А. Вольдемарас премьерминистрликке дайындалган. Аскердик абал жана цензура калыбына келтирилген. 1927-ж. сейм таркатылып (1936-жылга чейин чакырылган эмес), бардык саясий партияларга тыюу салынган. 1936-ж. бир партиялуу сейм түзүлгөн. 1938-ж. кабыл алынган жаңы конституцияда президенттин бийлиги кеңейип, авторитардык бийлик орногон. Л-га фашисттик Германиянын протекторатына айлануу коркунучу туулган. Эл нааразылыгынын күчөшү президент А. Сметонаны Германияга качууга аргасыз кылган. 1940-ж. 16-июнда Л-нын элдик өкмөтү түзүлүп, Ю. Палецкис президенттикке, В. Креве премьерминистрликке дайындалган. Л-да бир нече радикалдуу саясий жана социалдык реформалар жүргүзүлүп, оппозициянын өкүлдөрү камакка алынган. Элдик сеймге шайлоолор уюшулган.

1940-ж. 21-23-июлда Л. ССРи жарыяланып, 1940-ж. 3-августта СССРдин курамына өткөн.
Улуу Ата Мекендик согуштун (1941-45) башында эле Л-нын аймагы душман колунда калып, Отсланд (Чыгыш өлкөлөр) рейхскомиссариатынын курамына кирген. Л-ны германдаштыруу саясаты жүргүзүлүп, 16,3 миң немис колониячылары келген. Фашист-немис баскынчыларына каршы партизандык кыймыл башталган. 1942-ж. Советтик Армиянын курамында 16-литва аткычтар дивизиясы түзүлүп, ал Орёл облнан Балтика боюна чейинки салгылаштарга катышкан. 1945-ж. 28-январда Л. аймагы фашисттик баскынчылардан бошотулган. Согуштан кийин а. ч-нын коллективдештирүү жана индустриялаштыруу башталып, администрациялык-аймактык реформалар жүргүзүлгөн. 1970-80-жылдары Л. индустриялык-агрардык өлкөгө айланган. СССРде М. С. Горбачёв баштаган кайра куруу саясаты Л-га өзгөрүүлөрдү алып келди. КПССтин Л-га жүргүзгөн саясатына нааразычылыктар пайда болуп, оппозициялык партиялар жана уюмдар («Саюдис») уюшулган. 1988-ж. ноябрда Литва ССРинин Жогорку Совети советтик доорго чейинки мезгилдеги желек менен гимнди калыбына келтирген. 1990-ж. 11-мартта өлкө көз каранды эместикке ээ болуп, Литва Республикасы деп аталган жана СССРдин курамынан чыккан. Л-да мамлекеттик менчик улутташтырылып, жаңы банк системасы пайда болгон. Л. НАТО жана ЕС мамлекеттери менен достук мамилелерди түзгөн.
Чарбасы. Л. - экономикасы өтмө типтеги өлкөлөрдүн катарына кирет; чарбасы рыноктук жол менен өнүгүүдө. ИДПнин көлөмү 52,1 миллиард евро (2009); аны киши башына бөлүштүргөндө 15,6 миң евродон туура келет. Адамзат өнүгүүсүнүн индекси 0,870 (2007; дүйнөдөгү 182 өлкөнүн ичинен 46-орунду ээлейт). СССР урагандан кийин экономикалык байланыштар үзүлүп, ө. ж. өндүрушү төмөндөп кеткен. 2000-07-ж-да экономикасынын туруктуу өнүгүусүнө Л-нын Батыш Европа өлкөлөрү менен кызматташтыгы жана анын Европа союзуна кириши зор өбөлгө болгон (ИДПнин жылдык өсүүсү 6-8% ти түзгөн). Мамлекеттик саясат чет өлкөлүк инвестиция тартууга жана ишкердикти өнүктүрүүгө багытталган. Чет өлкөлүк инвестиция (2009-ж. анын жалпы көлөмү 9,1 миллиард евро болгон) негизинен иштеп чыгуу ө. ж-на, дүң жана чекене соодага, телекоммуникация жана финансы секторуна, транспорттук тейлөөгө жумшалган. Эки Эл аралык экономикалык зона (Каунаста жана Клайпедада) жана 6 илимий-техникалык парк иштейт. ИДПде тейлөө чөйрөсүнө 63,3% , ө. ж-на 22,2%, курулушка 1-0,0% , айыл, токой жана балык чарбаларына 4,5% туура келет. ИДПнин 20% ке жакыны мамлекеттик сектордо өндүрүлөт. Ө. ж-нын башкы тармактары - нефтини кайра иштетүү, машина куруу, химия, жыгач

