ЛЙМФА СИСТЕМАСЫ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
15 октябрь 2026, саат 10:09 учурдагы нуска
ЛЙМФА СИСТЕМАСЫ - омурткалуу жаныбар жана адамдын ткандары менен органдарынан лимфаны чогултуп, аны вена системасына кошуучу лимфа тамырлары менен түйүндөрүнүн жыйындысы. Лимфа түйүндөрү (бездери) лимфа тамырларына бойлото жайгашат. Л. с. капиллярлардан тканга чыпкаланып өткөн суюктукту кан журуу системасына кайра жиберет, ичегиде сиңген азык заттарын өткөрөт, лимфа түйүндөрүндө лимфаны чыпкалап, организмди коргоо кызматын аткарат. Лимфа ткандан капиллярларга сиңип, андан майда лимфа тамырларына өтөт, алар ириленип, венага куюучу чоң тамырга айланат. Лимфанын басымы төмөн болгондуктан, лимфа тамырларынын капталдары өтө жука болот. Балыктарда, жерде-сууда жашоочуларда жана сойлоочуларда жука капталдуу кеңейген жерлери - лимфа синустары болот. Адамда башка сүт эмүүчүлөрдүкүндөй эле көп сандаган лимфа түйүндөрү болуп, жалгыздан же тобу менен негизинен тилдин түбүндө, алкым, колтук, чурай, өзгөчө чычыркайда, ичеги капталдарында жайгашкан. Лимфанын жылышын скелет булчуңдарынын жана ички органдардын мезгили менен тамырды кысышы, тамырдын өзүнүн кагышы, ошондой эле майда тамырларга келүүчү суюктуктун басымы камсыз кылат.