ЛИМПОПО: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
15 октябрь 2026, саат 10:09 учурдагы нуска
ЛИМПОПО, Крокодилдүү - Африканын түштүк-чыгышындагы дарыя; ТАР, Ботсвана, Зимбабве, Мозамбиктин аймактары аркылуу агат. Ортонку агымында ТАР - Ботсвана, ТАР - Зимбабвенин чек арасын түзөт. Уз. 1800 км, алабынын аянты 415 мин клг2. Витватерсранд тоосунан башталып, Мозамбик ойдуңу аркылуу агат да, Инди океанына куят. Башкы куймалары: Моколо, Лепхалала, Могалаквена, Санд, Улифантс (оң), Марико, Мотлоуце, Тули, Умзингвани, Бубье, Мвенези, Шангане (сол). Жамгыр жана жер астындагы суулардан куралат. Көп жылдык орт. чыгымы төмөнкү агымында 449 мЦсек чамасында (жылдык агымынын көлөмү 14,2 кж3). Жайкы (декабрь-февраль) жамгырдан төмөнкү агымынын деңгээли 5-7 лгге көтөрүлөт. Крокодилдүү д-нда Хартбиспурт плотинасы, Улифантстта Лоскоп суу сактагычы курулган. Чатынан 209 клгге чейин кеме жүрөт. Алабында Крюгер, Баньине улуттук парктары бар. Боюнан Мабалане, Шокве ш., деңизден 60 км алыстыкта Шаи-Шаи порту орун алган.