ЛИМОНЙТ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

15 октябрь 2026, саат 10:09 учурдагы нуска

ЛИМОНЙТ (грекче (егтоп - нымдуу шалбаа, саз­дак жер) - үч валенттүү темир кычкылынын аралашмасынан (гетит, гидрогетит, гидрогема­тит, лепидокрокат) турган минерал. Кристалл­дуу же аморфтуу түзүлүшкө ээ. Химиялык формула­сы РеО(ОН)п’Н2О. Мында Ре2О3 89,9%ке жетет. Ромб системасында кристаллданат. Өңү-түсү ка­ра күрөң, күрөң, саргыч күрөң, саргыч. Катуу­лугу 1-5,5. Салыштырма салмагы 2,72-4,3. Экзогендик шарт­та пириттин, курамында темир элементи бар сульфиддер менен силикаттардын ажырашынан пайда болот. Жаратылышта кычкылдануу зо­насында («темир калпакчада»), латерит же саз кени түрүндө кездешет. Темир өндүрүлөт, боёк жасалат.