ЛИМОН: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
||
| 1-сап: | 1-сап: | ||
<p><strong data-text-type="type_1_article_title">ЛИМОН | <p><strong data-text-type="type_1_article_title">ЛИМОН </strong>(СИгиз Итоп) - руталар тукумунун цитрустар уруусундагы, дайыма жашыл, көп жылдык субтропиктик өсүмдүк. Бийикт. 1,5- 7 <em>м.</em> Шагы негизинен тикендүү. Жалбырагы калын, сүйрү, ачык жашыл, учу ичке. Гүлү кош жыныстуу, ак, жыттуу, чачыкта бир же экиден жайгашат. Мөмөсү - сүйрү, тоголок жемиш (диаметри 5-6 <em>см, </em>салмагы 120 г). Кабыгынын калындыгы 2-5 <em>мм,</em></p><p>ачык сары. Сулпу саргыч, ар мөмөдө 20 гдай урук[[File:ЛИМОН_1.jpg|thumb]] болот. Ширелүү келип, өтө кычкыл. Л. жылуу, күнөстүү жерде жакшы өсөт. Жазында орт. 10°С <abbr data-short="темп-ра" data-full="температура" data-extended="true">температура</abbr>да өсүп, вегетация мезгили 200-220 күнгө созулат. 17-18°С жылуулукта жакшы гүлдөйт. <abbr data-short="Түш." data-full="Түштүк" data-extended="true">Түштүк</abbr>-Чыгыш Азияда таралган. Жер Ортолук деңиздин, АКШ, Мексика, Аргентинанын ж. б. субтропиктеринде, КМШ өлкөлөрүндө өстүрүлөт. Кавказдын Кара деңиз жээгинде, Азербайжанда ачык жерде, <abbr data-short="Борб." data-full="Борбордук" data-extended="true">Борбордук</abbr> Азияда жылытмада (теплицада) <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> үйдө өстүрүлөт. Мөмөсүндө 3,5-8,1% лимон <abbr data-short="к-та" data-full="кислота" data-extended="true">кислота</abbr>сы, 1,9-3% кант, С (100 гда 45-140 <em>мг),</em> Р <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> В витаминдери, пектин заттары, темир, фосфор, калий, кальций, магний туздары, кабыгында эфир майы бар. Мөмөсү желет <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> андан лимон <abbr data-short="к-та" data-full="кислота" data-extended="true">кислота</abbr>сы, шире ж. б. алынат. Кыйыштыруу жолу <abbr data-short="м-н" data-full="менен" data-extended="true">менен</abbr>, <abbr data-short="о. эле" data-full="ошондой эле" data-extended="true">ошондой эле</abbr> калемчесинен көбөйтүлөт. Ар түбүнөн 150-300 мөмө алынат. Зыянкеч, илдеттери <abbr data-short="ж-дө" data-full="жөнүндө" data-extended="true">жөнүндө</abbr>, к. <em>Цитрус өсумдуктөру.</em></p> | ||
[[Category:5-том,_50-100_бб]] | [[Category:5-том,_50-100_бб]] | ||
15 октябрь 2026, саат 10:09 учурдагы нуска
ЛИМОН (СИгиз Итоп) - руталар тукумунун цитрустар уруусундагы, дайыма жашыл, көп жылдык субтропиктик өсүмдүк. Бийикт. 1,5- 7 м. Шагы негизинен тикендүү. Жалбырагы калын, сүйрү, ачык жашыл, учу ичке. Гүлү кош жыныстуу, ак, жыттуу, чачыкта бир же экиден жайгашат. Мөмөсү - сүйрү, тоголок жемиш (диаметри 5-6 см, салмагы 120 г). Кабыгынын калындыгы 2-5 мм,
ачык сары. Сулпу саргыч, ар мөмөдө 20 гдай урук

болот. Ширелүү келип, өтө кычкыл. Л. жылуу, күнөстүү жерде жакшы өсөт. Жазында орт. 10°С температурада өсүп, вегетация мезгили 200-220 күнгө созулат. 17-18°С жылуулукта жакшы гүлдөйт. Түштүк-Чыгыш Азияда таралган. Жер Ортолук деңиздин, АКШ, Мексика, Аргентинанын ж. б. субтропиктеринде, КМШ өлкөлөрүндө өстүрүлөт. Кавказдын Кара деңиз жээгинде, Азербайжанда ачык жерде, Борбордук Азияда жылытмада (теплицада) жана үйдө өстүрүлөт. Мөмөсүндө 3,5-8,1% лимон кислотасы, 1,9-3% кант, С (100 гда 45-140 мг), Р жана В витаминдери, пектин заттары, темир, фосфор, калий, кальций, магний туздары, кабыгында эфир майы бар. Мөмөсү желет жана андан лимон кислотасы, шире ж. б. алынат. Кыйыштыруу жолу менен, ошондой эле калемчесинен көбөйтүлөт. Ар түбүнөн 150-300 мөмө алынат. Зыянкеч, илдеттери жөнүндө, к. Цитрус өсумдуктөру.