ЛИМАН: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

15 октябрь 2026, саат 10:09 учурдагы нуска

ЛИМАН (грекче Нтеп - гавань, бухта) - 1) жээкте­ри жапыз, ийри-буйру узун булуң. Түздүктөгү дарыялардын чатын же жээктердеги оёң жер­лерди деңиз суусу жайпап калышынан пайда болот. Л-дар деңизди карай ачык (мисалы, кол­туктан) жана жабык (деңизден саяң аркылуу бөлүнүп турган) болот. Адатта, Л-га майда кум­дук, алеврит жана ылай, кээде күйүүчү сланец, көмүр, нефть пайда кылуучу органикалык заттар топто­лот. Материктен тузсуз суу аз куюп, аймактын климаты кургакчыл болгондуктан, Л-ды шор басып, туз аралаш тунма баткак пайда болот; баткак дарылык касиетке ээ. Л. көбүнчө Кара деңизге мүнөздүү. Ысык климаттык шартта боксит пайда кылуучу алюминий менен темирдин кычкылы топтолот; 2) КМШнын европалык бөлүгү­нүн кургакчыл түштүк-чыгыш бөлүгүндөгү оён жер­лердин жергиликтүү аталышы. Оёң жерлерге жазгы­сын суу толуп, тайыз көлдөр пайда болот; алар жайында соолуп, сазга же шалбаага айланат.