ЛИБЕРАЛИЗМ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

15 октябрь 2026, саат 10:09 учурдагы нуска

ЛИБЕРАЛИЗМ (латынча ИЬегаИв - эркин, эркин­дик) - социалдык-саясий кыймыл. Л. түшүнүгү 19-к-дын 1-жарымында кеңири колдонулуп, Ба­тыш Европада (Улуу Британия, Франция) пай­да болгон саясий партиялардын көз карашынын өзгөчөлүгүн белгилеген. Л. - саясий маданияттын башаты, коомдук турмуштун, индивиддин сая­сий-экономикалык, системалык адеп-ахлактык багыты. Тар маанисинде Л. - мамлекеттин аз кийлиги­шүүсү астында эркин конкуренция, рыноктук механизмдерди сактап калууга умтулган либе­ралдык партиянын саясаты. Л-дин идеялык не­гизин түзгөндөр: 1) адамдардын теңдиги; 2) (же­ке) эрк; 3) рационалдуулук; 4) тартып алууга мүмкүн болбогон укуктарды: жашоо укугун, менчик, эркиндик укуктарын камсыз кылуу; 5) жалпы консенсустун негизинде мамлекетке биригүү; 6) мамлекет менен инсандын мамилеси­нин келишимдик мүнөзү; 7) мыйзам - социал­дык көзөмөлдүн куралы; 8) мамлекеттин иш­мердүүлүгүн чектөө; 9) адамдын жеке турмушу­на мамлекеттин кийлигишпөөсүн камсыздоо; 10) дин эркиндиги ж. б. Ушул шарттардын ком­плекси конституционализмди түзөт. Конститу­ционализм системасы: 1) мыйзам чыгаруучулар­дын ишмердүүлүгүн чектейт; 2) мыйзамдын бел­гилүү чектерин белгилейт. 2-дүйнөлүк согуштан кийин Л. көп касиеттерин жоготкон. 70-80- жылдарда консенсустун бузулушу, глобалдык проблемалардын күчөшү Л-ди өзгөрүүлөргө дуу­шар кылды. Л-дин айрым принциптери өзгө­рүлүп, жаңы неолиберализм агымынын пайда болушу байкалууда.